ЖӨН ЖЕРДЕН ТҮШКӨ КИРЕ БЕРБЕЧҮ 7 НЕРСЕ

1. Кутуча

Эгер түшүңүздө кутучаны бат баттан көрүп турсаңыз, анда жашоодо өзүңүздү
алдап жашап келесиз. Өзүңүздүн чыныгы эмоцияларыңызды
айланадагылардан гана эмес, өзүңүздөн да жашырасыз. Мүмкүн, кандайдыр
бир сыр жүрөк өйүп келет. Же качандыр бир убакта туура эмес чечим
кылганыңызды моюунуңузга алгыңыз келбей жашап келесиз.
Эгер кутуча бош болсо анда терең көңүл калуу болгон.
Эгер көп кутучалар чар жайыт чачылып жаткан болсо, анда жашооңузда
окуялар жана эмоциялар өтө көп.

 

2. Телефон

Эгер түшүңүздө телефон чарылдап турса, анда акыл эсиңиз сизден өзгөрүүнү
талап кылып жатат. Кандайча? Мисалы, сиз жумушка барып келип жүрөсүз,
баардыгы жайында көрүнөт, бирок аң сезимиңиз жеке ишкерлик кылууңузду
талап кылат. Мындай мисалдар миңдеп саналат. Ошондуктан, түшүңүзгө
телефондун чарылдаганы кирсе, жашооңузду өзгөрткөнгө аракет кылыңыз.
Өзгөчө, түшүңүздө телефонуңуз чарылдап, бирок, жооп бере албай жаткан
болсоңуз. Ички туюмуңузду тоотпой коюуга болбойт.

3. Учуу

Эгер түшүңүздө учуп жүргөн болсоңуз анда «акылдуу түш» көрүп жатасыз.
Жашооңузду талдап көрүңүз. Түшүңүздө учкан кызыктуу болгону менен,
ойлоно турган коңгуроо. Жашоодон ордуңузду таба албай бир жерде токтоп
калгансыз. Алдыда кандай гана кыйынчылык болбосун, өскөнгө аракет кылыш
керек.

5. Жолдор

Жол — саякаттын символу. Эгер түшүңүздө жол көрсөңүз, бул сиздин
келечегиңиз. Түшүңүзгө кандай жолдор кирет? Түз, жакшы асфальт
төшөлгөнбү? Асман ачыкпы? Алыс жолду көрүп жатасызбы? Анда
куттуктайбыз. Аң сезимиңиз жашоңузда болуп жаткандарга канааттанат.
Баардыгы туура болуп жатат.
Эгер жолдор кыйшык, туман болсо, анда азыр башыңыздан кыйынчылык
кечирип жатасыз. Келечегиңизде бир нерсени өзгөртүүгө убакыт келди.

6. Гүлдөр

Түшүңүздө гүлдөрдү көрсөңүз жакынкы аралыкта сизге чоң мүмкүнчүлүктөр
ачылат. Ички дүйнөңүздү ачык коюп, жаңы күтүүсүз эксперименттерге даяр
болушуңуз керек.
Эгер гүл ачыла элек болсо, анда башыңыздан мурда өтпөгөн нерсе болушу
мүмкүн: жаңы жумуш, жаңы сүйүү, баланын төрөлүшү ж.б.у.с.
Эгер жасалма гүл болсо, анда тескерисинче, жакын адамыңызды жоготконго
даяр болуңуз. Же болбосо жашооңуздун бул барагы жабылып, жаңысын
баштайсыз.

7. Суу

Суу бул сиздин амбиция. Эгер чоң океан түшүңүзгө кирсе, анда кыялданганды
токтотуп, чоң-чоң жоопкерчиликти моюунга алып иштегенге убакыт келди.
Эгер кичинекей көлчүк же суу кирсе, анда тескерисинче өзүңүзгө көп жүк
артып алгансыз. Өзүңүздү колго алып, жашоонун темпин жайлатып, ашыкча
жумуштарды ыргытып, эң башкысын гана калтырышыңыз керек.

Булак: anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу