Жүрөк эмнеге айланат?

Жүрөк эмнеге айланат? Бул суроого жооп издөөнүн жолдору көп. Бирок, эмнеге айланып жатканын табуу кыйын. Адатта жүрөк майлуу тамактардан, уулангандан, алкоголдук ичимдиктерди көп ичкенден, стресстен айланат. Ошондой эле, аялдар кош бойлуу кезде жүрөктүн айланышы калыптуу нерсе.

Жүрөктү айланткан жагдайлар көп. Анын ичинде сиз биле бербеген, же болбосо сейрек кездешкен түрлөрү тууралуу айта кетмекчибиз.

Мультивитаминдер

Булар жөндөн-жөн жүрөктү айлантпайт. Эгер кандай ичиш керек экенин билбесеңиз, анда жүрөгүңүз айланышы мүмкүн. Ал үчүн мультивитаминдерди ач карынга ичүүгө болбой тургандыгын эске сактаңыз. Тамактанып бүткөндөн кийин гана ичиш керек.

Кофеден баш тартуу

Күндө кофе ичип жүрүп,дароо ичпей калсаңыз, анда жүрөгүңүз айланышы мүмкүн. Ал үчүн кофени аздан ичип жүрүп токтотуу керек.

Тердегенде

Арыктоо үчүн, же болбосо ооруп, сыркап калган кезде тердегенге кеңеш беришет. Бирок адам тердегенде жүрөгү айланышы мүмкүн. Андай учурда бир жутум суу ичкен оң.

Экстремалдуу спорт түрлөрү менен алектенгенде да жүрөк айланат. Ошондой эле, жүрөктүн айлануусу төмөндөгүдөй бир нече түргө бөлүнөт:

Токсиндер – ар түрдүү уулар менен, тамак-аш азыктары, ошон6дой эле, эндогенд токсиндер менен ууланып калуудан келип чыгат;

Мээ – ага баш мээ оорулары кирет. Ал артериялык жана баш сөөк кысымы менен байланышта болот. Мындай жагдайда мээ шишигинен, атеросклероздон, диэнцефалдык кризистен, гипертониядан жаралат;

Метаболикалык – чамадан сырткары тамактануудан, ачка болуудан, диабеттен, гиповимаминоздон, зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат;

Рефлекторлук – нерв системасындагы рецепторлордун чамадан сырткары кыжырдануусунан жана ичеги-карын былжыр кабыкчадагы оорулар менен байлагыштуу.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу