Жүрөк сыры: Сүйүктүүмдүн аялы, балдары бар…эмне кылам?


Биздин сайттка  окурмандардан келген каттардын,  ичинен башкалардан өзгөчөлүнгөн Гүлжандын окуясы менен(аты өзгөртүлгөн) сиздер менен бөлүшүүнү  чечтик.

Урматтуу окурман азыркы жан сырымды  бөлүшүп,  сиздерден кеңеш күтөм….

Жашым 39, жашаган жерим Бишкек, иштеген ишим бар. Бир балам бар.

Мектепте окуп жүргөндө класстышым Байсал сүйүүсүн арнап, ата-энеси менен келип сөйкө салууну сунуштаган. Бирок ал учурда менин жүрөгүмдө башка Эркин деген мырза бар эле.

Ал  колунда бар  үй-бүлөнүн баласы болгондуктан, каалаган кызды чекесинен чертип алчу.   Кыз киши болгондуктанбы, ага ички сезимдеримди айталган жокмун. Ошентип, мектепти аяктап, шаарга чоң окуу жайга аттандым.

Жолум болуп ийгиликтүү  окууга өтүп. Бухгалтердин кесибин аркаладым.  Биринчи курсту аяктап  жайкы эс-алууга, айылга жөнөдүм. Классташтар олтурушка чакырып, ал жактан биринчи сүйүүмдү Эркинди кезиктирдим. Кечинде үйгө узатып баратып мени жактыраарын, гүлдөй ачылганымды айтты, мунун баары кулагыма жаагымдуу угулуп турду.

Көп өтпөй ага турмушка чыгууну, сунуш кылды. Көпкө күткөн жаным, дароо макул болдум. Ошондо алдыда кандай күндөр болоорун билсемчи….

Бир жылдан кийин эркек балалу болдук, атын Эльмар деп койдук. Анан жашоо өзгөрө баштады, Эркин иштебей, жаман жолго көп барчу болду, мунун баарына көз жумсам, акыркы чыдамым анын кол көтөргөндө түгөндү. Аягы ажырашып тындык.

Жаш бала менен кайрадан бутка турган оңой болгон жок, бирок чыйралдым.

Бир күну парктан  классташым Байсалга жолугуп калдым. Өзгөрүптүр, көрүнүктүү мырза болгон экен, окуучулук күндөрдү эстеп олтуруп, анын азыр аялы жана төрт баласы бар экенин билдим.

Ошондо аны жактырып баштадым, өзүн чечкиндүү, борукер, татыктуу алып жүргөндүктөн сүйүп калдым окшойт. Ал мурунку сүйүүсүн айтты, кайрадан чогуу болорун сунуштап жатат. Мени менен да, тиги аялы менен да жашай берем дейт..

Көз алдымда анын төрт баласы турат,алардын убалынан корком. Бирок мени ким ойлот, менин дагы бактылуу болгонго укугум бар, эмне кылаарымды билбей экиге бөлүнүп жаткан кезим.

Сиздерден кеңеш күтөм….

Аргумент.kg
Жооп калтыруу