Жүрөк сыры: “Бир катам бүтүндөй жашоомду бузду…”

-Бир кезде бактылуу үй-бүлөнүн эрке кызы элем. Мындай күнгө кабылам деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес. 6 жыл мурун ата-энем Москва шаарына жумуш издеп кетишкен. Ырас, бат эле бутубузга турдук. Мен 9-классты бүтүп, колледжге окууга кирдим. Үйдө кенжеси болгондуктан, баары менин айтканымдай болчу. 1-курсту аяктап, Москвага барам деп жүрүп, акыры тилегиме жеттим. Ал жерден ишим оңунан чыкты. Жыл айланып, Кыргызстанга келип үй алып, жарым жылдай жүрүп калдым. Ойлоп көрсөм, шумдуктун баары ошондо башталыптыр. Ата-энем Москвада болгондуктан, кой деген кожом жок, каалагандай басып жүрдүм. Чөнтөктө акча көп, дос, артымдан жүгүргөн балдардын саны да күн санап өсө берди. Каалаган жакка барам, каалаган убакта келем, кыскасы, ушинтип кеч келе берип, байкем менен да урушуп, кыздар менен өзүм алган үйгө көчүп кеттим. Курбум турмушка чыгып, анын тоюнда Мирлан деген үй-бүлөлүү жигит менен таанышып калдым. Ал никелүү болсо да, «жакында аялым менен ажырашам. Аны сүйбөйм, ата-энем зордоп алып берип коюшкан» деп жатып телефон номеримди алып калды. Чынын айтсам, Мирлан мага бир көз карашта эле жаккан. Эки күндөн кийин телефон чалып, жолугууну сунуштады. Аны бир көрүүгө зар болуп турсам да, никелүү кишиге жолугуп, үй-бүлөсүн бузгум келбеди.

-Көп өтпөй Москвага келе бердим. Бир айдан кийин Мирлан мени таап, күнү-түнү телефон чала баштады. Бир айча сүйлөшүп жүрдүк. Кийин артымдан ал да Москвага келди. Апам мени туура түшүнүп, «сүйүп калсаң, каршы эмесмин» деп жол ачып берди. Экөөбүз тез-тез көрүшүп турчубуз. Кызыгы тарап кеттиби, айтор, акыркы күндөрү көп урушчу болдук. Анан Мирлан Кыргызстанга кетип жатканын айтты. Андайды күтпөгөн жаным шолоктоп ыйлап, себебин сурасам, «сен менин сүйүүмө татыктуу эмессиң» деп күйдүрдү. Чынында, ал менин туңгуч сүйүүм эле. Башка бир да жигитке көз салып караган эмесмин. Сүйгөн адамым менен сүйлөшсөм да, мендик болбогону азапка салды, кирпик какпай ыйлап таң атырган күндөрүм болду. «Көз жашыңды көргүм келбейт» деген апам күндөрдүн биринде бардар жигит менен тааныштырып, «ушуга турмушка чыгасың» деп калды. Мирлан бир пайда болуп, мага үмүт берет, мен ага ишенем да, кайра жоголуп кетет, анан көз жашка бөлөнүп жатып калам. Бардар жашаган жигитке турмушка чыга турган болуп, тойго аз калганда Мирландын айынан тойду токтотуп салдым. Сүйгөн адамым менин сезимдерим менен ойносо керек, аялы менен жарашканы Бишкекке кетип калды. Бугум ичиме батпай, досторум менен кафе, клубдарга тез-тез барчу болдум. Бийлесем гана ичимдеги арманым сыртка чыккандай сезилчү. Ошондой күндөрдө Айбек жана Ренат деген балдар менен таанышып калдым. Досторумдун баары калмак, орус улутунан болгондуктан, алар менен таанышканыма бир жагынан сүйүндүм. Айбектин никелүү болгонун билсем да, кыздык намысымды ага арнадым. Оюмда «Мирлан, сен аялың менен болсоң, мен Айбек мененмин, сенден ушинтип өч алам» дедим. Өзүмдөн өч алып жатканымды билбептирмин. Ошол түндөн көп өтпөй Айбек Кыргызстанга кетти. Андан кийин бир да жолу телефон чалган жок. Мага айтканы боюнча, аялы менен ажырашып кеткен эле. Бир күнү Ренат келип, «Айбек аялы менен жарашыптыр» дейт. Бир чети кубансам, бир чети ичим күйүп турду. Жигиттерден ушунчалык көңүлүм калды. Аялзаты алсыз жаралганбызбы, үмүтүм өчпөй Айбекти бир ай күттүм, келбеди…

Адамдын башына бир кыйынчылык келсе, аркасынан да сыноолор көп болот окшойт. Ушул эле жетишпей жаткансып, жумуш да оорлой баштады. Көйгөйдүн негизи эле акчага келип такалып жатты. Негедир ата-энемден такыр акча сурагым келчү эмес. Акча деген балекет эмнелерге гана алып барбайт, ошол убакта Ренат экөөбүз мелдешип кетип, Ренаттын коюнуна биринчи жолу акча үчүн киргем. Ошол күнү жумушка барып, үйгө эч кайткым келбей, өзүмдөн жийиркенип турдум. «Ренатка кантип сүйлөйм, Айбекке эмне дейм?» деген ойлор жүрөгүмдү кыйнады. Анан директор менен урушуп, жумуштан кеттим. Ылайыктуу жумуш жок, Ренаттын үйүндө жашап калдым. Күндөн-күнгө экөөбүздүн мамилебиз жакындай берди. Апамдын «даяр ашка кызыкпа, өз эмгегиң менен тапкан аш таттуу болот» деген сөзү кулагыма анда-санда жаңыра калат. Ренаттын эми эле бутуна туруп келе жаткан мезгили эле. Үйлөнүп калсак, бирге аракет кылабыз деп ойлодум. Экөөбүздү үйдө баары кыз-жигит деп ойлошчу. Бирок менин жүрөгүмдүн эзилгени, экөөбүз жөн гана көңүлдөш элек. Бир күнү Айбек келди, Кыргызстандан, эч нерсе болбогондой. Ал келери менен Ренаттын мамилеси өзгөрүп, «эми экөөбүз сүйлөшпөйбүз» деп басып кетти. Канчалык ыйлабайын, эч нерсе жардам бере албады.

-Бир күнү үйдө жалгыз отурсам, Айбек келип, ага Ренат менен мамиле түзүп алганымды айттым. Ал «билгем ушундай болорун, мен сени ага ыраа көрбөйм» деген өңдүү сөздөрдү айтып жатканда сырттан Ренат келип, экөө урушуп кетишти. Акыры Ренат экөөбүз бирге калдык. Ал мага «күнөөңдүн баарын өзүмө алам, нике кыйып жашайлы» деп калды. Дароо эле ишенип, чогуу жашап калдык. Арадан 3-4 ай өтүп, Ренаттын мамилеси өзгөрө баштады… Негизи, жашоодо үч нерседен коркчумун: намысымды алдырып коюудан, үй-бүлөлүү эркекти сүйүп калуудан жана эки достун ортосуна түшүп калуудан. Тагдыр ошол корккон нерселеримди маңдайыма жазган экен. Азыр деле Ренатты жоготуп алуудан корком да, кайра аны жек көрүп кетем. Себебин өзүм да билбейм.

-Ренат акыркы күндөрү катуу сүйлөчү болду. Ал айткан сөздөр менин жүрөгүмө кандай оор тиерин сезбесе керек. Айлам канча, тилимди тишиме катып тим болом. Бирок мындан ары минтип жашагым келбейт, күнөөлөрүмдү ойлоп, Кудайга тобо келтирем. Кайра «кантип кечирилсин, бир үй-бүлөнү бузуп, эки досту ажыратып, никем жок, бир адам менен жашап жүрсөм?..» деген ойлорго думугам. Көп ойлонуп, бүгүн эртең менен бир чечимге келдим. Ушул жумада Ренатка айтпай башка шаарга кеткени жатам. Ошол жактан жашоомду жаңы, таза барактан баштагым келет. Ата-энем мен экенимди билишпесе да, силер аркылуу алардан кечирим сурайм. Апа, мени кечир! Мен силер ойлогондой кыз болуп чоңойбодум, силердин ак эмгегиңерди актай албадым! Акырында кыздарга айтарым, жеңил ойлуу болбогула, ар бир кадамыңарды ойлоп баскыла!

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу