Жүрөк сыры:Өз баламдын кол алдында пол жуугуч болуп иштейм…

Адам баласынын башынан кандай гана окуялар өтпөйт.Ар бир пенденин башында өзүнүн тагдыры,түйшүгү,арманы бар.

Азыркы тапта мен борбор шаарыбызда жайгашкан белгилүү компаниянын башкы кеңсесинде пол жууп иштейм.Башыман оор тагдыр өткөн.20 жашымда ала качып кетишкен,убакыт өтсө дагы күйөмө такыр көңүлүм жылыбай экөөбүз эки ара жолго түшкөнбүз.Ал кезде мен 22 эле жашта болчумун,баламды кайын энемдер алып калышкан.Кайра турмуш куруп үч балалуу болдум алар менен алек болуп жатып биринчи баламдан такыр кабар албадым.Анын үстүнө экинчи жолу турмуш курган маалда деле жыргап кеткен жерим жок,бир күнү ач,бир күнү ток.Арадан айлар өтүп,жылдар айланып балдарым чоңойду,эл катары жашап калдык балдарым турмушта ар бири өз жолдорун таап кетишти.Эки кыз,бир уулум бар.Кыздарым турмушка чыкан,уулум келиним менен жаш кезде буттан туруп алалык деп чет жерде эмгектенип жүрүшөт.Бул жакта күйөм экөөбүз неберелерибиз менен жашайбыз.Балдардын салып ийген акчасын эле карап олтура бербейли деп жумушка орношуп алгам.Ден соолугум жайында кезде иштеп турайын,анын үстүнө кечинде бир маал барып эле кеңсенин полдорун жууп коем,жумуш жеңил эле деп кирип алгам.

Жашым өткөн сайын таштап,кабар албай кеткен  баламды көп эстеп өкүнчү болдум.

Бир күнү базардан мурунку абысыным жолугуп калды.Ал жайды сурашып мен кеткенден кийин күйөм кайра үйлөнгөнүн бирок балалуу болбогонун мен таштап кеткен баланы аялы экөө чоңойтконун,азыркы убакта ал эң ири компаниялардын биринде жетекчи экенин айтып мактанып кетти.Коштошуп жатып номеримди алып калды.

Кийинчээрек WhatsApp аркылуу менин баламдын сүрөтүн жиберди.Көргөн көзүмө ишенбей көпкө отурдум ,анткени мен иштеп жаткан компаниянын башчысы менин балам экен.

Азыркы тапта деле ошол жакта иштеп жатам,бирок дайыма баламды көргөнгө ашыгам.Мени көрүп калса тек гана  сылык учурашып өтүп кетет.

Эмне кылышымды билбей жаткан мезгилим,анткени балама мен аны төрөгөн энеси экенимди айткан күндө деле мени кечирбешин билем.Ага бул тууралуу айтышым керекпи же баардыгы өз ордунда кала бергени туурабы?

Сиздердин  кеңешиңиздерди күтөм…

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу