Жүрөккө эмнелер зыяндуу?

Өзүңүздү өтө эле майлуу, таттуу, туздуу, эттүү, ошондой эле холестеринге бай азыктар (жумуртка, майлуу сыр, икра, боор) менен эркелеткениңизди жүрөк сүйбөйт. Мындай азыктарды чегинен ашыкча колдонуу жүрөккө зыян. Адистер бул азыктарды колдонуу коопсуздугунун нормасын эсептеп чыгышкан: жумуртканы жумасына 3-4 даанадан ашырбоо, каймакмайды күнүнө  15-20 грамм, этти күнүнө 100 граммдан ашырбоо сунушталат.

— Кумшекер менен туз — жүрөктүн баштан берки душмандары. Аларды аз өлчөмдө колдонсоңуз, жүрөгүңүз сизге ыраазы болот.
— Эгерде сиз күнүнө 4 кружкадан коп кофе ичсеңиз, жүрөгүңүзгө чоң зыян алып келген болосуз. Кофеин жүрөктүн жыйрылуусун күчөтүү менен ага ашыкча жүк алып келет. Андыктан жүрөк ооруларынын башаты дал ушул сиз сүйгөн кофе болуп калышы толук мүмкүн.

— Булардан тышкары, жүрөккө аёосуз терс таасирин тийгизүүчү нерсе — стресс. Эгерде стресске жол бербесеңиз, өз жүрөгүңүздү сактаган болосуз.

— Дайыма толгон-токой жумуштарды башыңызга үйүп алып, алардын айынан эс алууну курмандыкка чалсаңыз, бул да жүрөк үчүн зыяндуу.
— Бардык нерсени жүрөгүңүзгө жакын кабыл аласызбы? Ашыкча ак жүрөктүүлүк сизди “жүрөк оорулууга” айлантат.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу