Жүрөгүңүз оорубасын десеңиз күлүп жүрүңүз…

Чет элдик окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча адам күлгөн кезде анын бет булчуң эттеринен нерв системасы менен мээнин жумушуна жакшы таасир берген өзгөчө импульстар бөлүнөт экен.

Биздин маанайыбыз калыптуу болуп турган кезде, калп күлө турган болсок да жогоруда айтылган механизм ишке кошулуп, жаныбыз жайдары болуп калат.

Окумуштуулардын пикири боюнча, күлкү – адамдардын бөлүп чыгарган «дүйнөлүк рефлекси». Анткени күлүп жаткан же күлүмсүрөп жүргөн адамды көргөн адамдын да маанайы көтөрүлүп калат.

Күлкү биздин жүрөгүбүзгө да жакшы таасир берет. Бул жыйынтыкка Балтимордун Мэриленд штатынын Медициналык Борборунун кардиологдору келишкен. Алар соо адамдар менен жүрөк, кан-тамыр оорулары менен ооруган адамдар тобун салыштырышкан. Натыйжасында жүрөк, кан-тамыр оорулары менен ооруган адамдардын 40 пайызы өзү менен тең дени сак адамдарга караганда аз күлөрү аныкталган.

«Күлкү сизди жүрөк оорусунан сактаса, илгеркилер «Күлкү — эң жакшы дары» деген сөз бекеринен айтылбаганын түшүнөсүз»,- дейт Мэриленд штатындаы Университетининин Профилактикалык Кардиология Борборунун директору Майкл Миллер.

Ал: «Биз күлкү жүрөктү кандай коргорун билбейбиз, бирок нерв системасы менен психикага түшкөн салмак кан-тамырларды коргогон эндотелияны жабыркатарын билебиз. Нервке салмак түшүрүү менен пессимизм жүрөктүн жабыркашына алып келет», — дейт.

Америка окумуштуулары күлкү бул – мисал катары айта турган болсок «ички аэробика», адам жылмайганда, каткырып күлгөндө аны жүрөгүнүн жумушу жакшырат, каны кычкылтекке толот деген жаңылык ачышты.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу