Жүндөрүн үрпөйткөн “Ашмалтайлар”…

Баягылардын баяны кайра башталды. Бакыт Төрөбаев, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиевдер чогулуп алышып түштүктү түрө кыдырып, эл менен жолугуша башташты. Буга дейре, тактап айтканда президенттик шайлоо алдында биригип, өздөрүнчө саясий күч болуп чыгышканын жар салышкан Төрөбаев, Келдибеков, Мадумаров, Ташиевдер шайлоо убагында эле төрт тарапка чачырап, биригишпей эле бириндеп кетишкен. Төрөбаев алына карабай, “Президенттик шайлоодо мени колдошмок, убадаларына турбай коюшту” – деп амбициясына ээ боло албай таарынып, Бабановдун этегин кармап кетти. Ташиев Жээнбековду сүрөөнгө алып, Мадумаров өз алдынча шайлоого аттанды. Келдибеков ким тарапта экенин ачык билдирбей кылтыйып, чээнге кирип жатып алды. Эми болсо төртөө кайра баш кошуп, эл көйгөйүн уккан болушуп ээрчишип калышты. Сыягы, бул төртөө бийликтен сөөк тийбей калып, азууларын көрсөтүп койгулары келип жүндөрүн үрпөйтүп жаткандагы кербездери окшойт…

Булак: “Фабула”

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу