«Жүзүңдү аччы Гүлчөтай» же Бабановдун ачыла элек «сандыгы»

Кыргыздын эр жигиттери эзелтеден ачуу чындыкты бетке айткан, таймашка чыкса да жашырынып-жамынбай, ачык, бетме-бет чыккан эр жүрөк келишкен. Ал эми байкатпастан, капталдан чыга калып сокку жасап калгандарды «коен жүрөктөр» деп аташкан.

Тилекке каршы, ошондой «коен жүрөктөр» бүгүнкү күндө өлкөбүздүн саясат айдыңында да пайда болду, болгондо да алардын айрымдарынын амбициялары айды чапчып туру. Биз анын өзүнө окшоп жашырынып-кымтынбай эле ачык айталы, ал – парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Ө. Бабанов. Бул саясатчы-коммерсант (эмнеге саясатчы-коммерсант экенин макаланын аягында түшүнүп каласыз) кандайдыр бир жеңишке жетиш үчүн кымырынып-кымтынып, уурудай болуп тымызын иш жасаганды жакшы көрөт. Эч качан ачык таймашка чыга албайт. Бетме-бет таймашуудан өлгөнчө коркот.

Мына кечээ жакындагы эле анын Астанага тымызын бара калып, көкбөрүчүлөр менен жолугушуп келгенин мисалга алалы. Муну Бабановдун пиарщиктери «Өмүрбек Токтогулович көкбөрүгө кызыгат, аттарды жакшы көрөт, жалпы эле ат оюндарына кызыгат» деген маанайда түшүндүргөнгө аракет жасашууда. Эгерде ал чындап эле көкбөрүгө кызыга турган болсо, анда неге Астанага барганын барып, анан казактардын Утемуратов сыяктуу олигархтарына тымызын жолугуп, андан соң кыргыздын көкбөрүчүлөрүнө жолуга коюп эле, эч кандай ат оюндарын көрбөстөн шашылыш баса берди эле? Ал чындап эле көкбөрү оюнуна кызыкса, анда оюндун башынан аягына чейин көрүп, кыргыз көкбөрүчүлөрүнө дем берип турбайт беле? Тескерисинче, ал шайлоо алдында казак бийлигинин колдоосун алуу үчүн кыргыздын көкбөрүчүлөрүнүн башын айлантып, акчага сатып алып жатпады бекен? Кокус чын болуп калса ал өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн элибиздин улуттук намысын сатып жатканы эртедир-кечпи ачыкка чыгаарын билген жокпу?

Экинчи мисалды келтирели. Буга чейин ал ЖК спикери Чыныбай Турсунбековду ээлеген кызматынан алып түшүү аракетин адегенде жашыруун, анан ачык жасаган. Көп узабай эле кайра ал Чыныбай мырза менен ээрчишип, маалымат жыйынын өткөрүп, «экөөбүз элдештик» деп чыккан. Демек, мындан биз эмнени түшүнөбүз? Көрсө, ал өзүнүн Чыныбай Турсунбековго карата жеке таарынычы үчүн эле аны кызматтан кетирүү аракетин көргөн турбайбы. Эгерде мамлекеттик кызыкчылык болгондо «биз элдешип алдык, эми кызматтан кетпей эле койсун» дебейт эле да.

Кечээ жакында эле өзүнө караштуу НТС телеканалы аркылуу жаңыдан өкмөт башчы болгон Сапар Исаковду (ал кезде Президенттик аппараттын башчысы болчу, премьер-министрликке талапкерлиги сунушталары айтылып жаткан) негизсиз сынга алдырып, колунан келишинче шыбатып турган эле. Андан сырткары Сапар Исаковду Кыргызстанда Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзүлгөн чехиялык компанияга байлап, таптакыр чындыкка дал келбеген жалган ушактар менен каралоо аракетин көргөн видеотасманын артында дал ушул Бабанов турат деген маалыматтар көмүскө болсо да айтылып кетти.

Анан Сапар Исаков башында турган жаңы өкмөттү парламент карап жатканда Ө. Бабанов «Мен эч качан кара пиар жасабайм» деп өзүнөн-өзү актанып алды. Эгерде ал кара пиар жасабаса, анда НТС телеканалы эмнеге Сапар Исаковду каралады эле? Жөн эле каралап коеюнчу деппи? Бул телеканал Бабановдун буйругусуз ашыкча кадам жасабай турганын жамы журт жакшы билет эмеспи.

Анан ошол эле жыйында ал «Биз Сапар Исаков башында турган жаңы өкмөттүн шайланышына тоскоолдук кылбай эле коюуну чечтик» деди. Натыйжада, «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттарынын жарымынан көбү жаңы өкмөттү колдоду. Эгерде ал жаңы өкмөттү ишти алып бара албайт деп ишенсе, анда аягына чейин турбайт беле?

Бүгүнкү күндө парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясында бир дагы башка улуттун өкүлдөрү жок. Бабанов башка улуттун өкүлдөрүн шайлоо алдында пайдаланат дагы, шайлоо бүткөндөн кийин көчөгө калтырат. Айтор, баскан-турганы, жасаган иштеринин баары тымызын, капталдан байкатпай согууга багытталган Бабановдун чыныгы жүзү улам убакыт өткөн сайын «бажырайып» ачылып келатат. «Жүзүңдү аччы Гүлчөтай» дейбиз го акыры ушул президенттик шайлоонун алдында…

М.Капашов

Булак: inter.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу