Жүздүн сулуулугун бузган төрт азык

1. Алкоголдук ичимдиктер

Белгилери: бырыштардын күчөшү, көздүн, каштын айланасынын кызарышы, кабактын салаңдап калышы, тери кургап беттин тешикчелеринин кеңейиши, мурун менен беттин кызгылтым тартышы, ооз менен мурундун ортосундагы сызыктын чуңкур болуп кетиши.

Эмне кылуу керек? Ичеги-карындар балансталганча алкоголдук ичимдиктерден жок дегенде 3 жума алыстап туруу керек. Эгерде майрам же достор менен кечеге барсаңыз, кургак винону тандаңыз. Ал курамына кантты аз өлчөмдө камтыйт жана алда канча пайдалуу.

2. Сүт жана сүт азыктары

Белгилери: шишиген көз, көздүн айланасындагы кара тегеректер, ээктеги тактар, майда ак безеткилер. Сүт жана сүт азыктары айрым адамдарга начар сиңет. Дүкөндө сатылган 1 стакан сүт өзүнө жыйырмадан ашык гормон жана химиялык заттарды камтыйт. Бул компоненттер гормоналдык балансты бузганга жөндөмдүү, теринин клеткаларынын өсүшүн чакырат.

Эмне кылуу керек? Келбетиңиз жакшырганча баш тарта туруңуз.

3. Ун азыктары

Белгилери: шишиген кызыл жаак, кара тактар жана ээктин сезгенүүсү.

Эмне кылуу керек? Курамында глютен бар дан өсүмдүктөрүнөн, ундан жасалган азыктардан, макарондон баш тартуу шарт. Булардын ордуна ичеги-карын үчүн пайдалуу болгон азык булаларын колдонуп, сууну көп ичүү пайдалуу.

4. Кант

Белгилери: чекедеги бырыштар, көздүн жанындагы салбыраган тери, кубарып, бырышкан бет. Бет, ийин, төшкө чыккан безетки. Айрым изилдөөлөр каштын суюлганын, бөйрөккө күч келгенин да көрсөткөн.

Эмне кылуу керек? Кошумча порция канттан качуу керек. Демек, пирожный, печенье, таттуу жемиш ширелери жана газдалган ширелер, углевод, технологиялык жактан иштелип чыккан азыктар сиз үчүн эмес. Деги эле канттан таптакыр баш тарткан эң жакшы.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу