Жээнбеков: Өкмөттүн, парламенттин мурдагы жетекчилери менен жолугам

Президент Сооронбай Жээнбеков маданият, илим ишмерлери, өкмөт, парламенттин мурдагы жетекчилери жана өлкөдөгү донорлор менен жолугууну пландап жатканын билдирди.

Жээнбеков муну 9-октябрда Таластын Кара-Буура районундагы Кара-Буура айылындагы мектептин ачылышында сүйлөп жатып айтканын президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жээнбеков буга чейинки жарандык коомдун өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери, ишкерлер менен жолукканын эске салып, коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошом деген бардык активдүү адамдардын башын бириктирүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин массалык маалымат каражаттарынын, жарандык коомдун, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушууларда негизинен сот, укук коргоо органдарын реформалоо, коррупция боюнча маселелер көтөрүлгөн.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу