Жээнбеков өзү “жеп” алган имаратын 1 млн. доллар жана 3 батирге сатты

Кыргызстандагы №1-коррупционер катары элге жакшы таанымал Равшан Жээнбеков Акаев убагында 2 жыл мүлк министри  болуп иштеп, Кыргызстандагы ырыстуу делген мамлекеттик мекемелерден 300дөн ашуун ырыстуу делген имараттарды ит бекер менчиктеп, сатканын сатып, өзү да айда жыргаган. Ал ошол учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин эсебиндеги: Бишкектин бир нече жеринен бир канча имараттарды, булардан тышкары, Таластагы Киров суу сактагычынын “Эдельвейс” деп аталган пансионатын, Чолпон-Атадагы  “Аска -Таш”  деген килейген пансионатты да ит бекерге өзүнө менчиктеп алган. Мына ушул чоң “коррупционер” жакында Токтогул –Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги  болжолдуу 10 сотых жерде жайгашкан эки кабат эски имаратын түрктөрдүн “Гөк-Таш” деген курулуш  фирмасына  100 млн. доллар жана 3 батирге баалап саткандыгы айтылууда. Аталган фирма ал жердеги эски имаратты жер менен жер кылып түздөп салып, 14-15  кабат заңкайган имарат тургузуп жатат. Эми Равшан мырза ошол асман тиреген имараттан 3 батир (100 миллиондон тышкары) алат экен. Эске сала кетсек, эсил кайран ал эски эки кабаттын эки-үч кабинетин  Равшандын атасы Бабырбек Жээнбеков “Алиби” гезитин редакция кылып жүрдү. Андыктан, ал жерге далай кишинин буту басып барган. Равшан мырзадай шылуун, эргул жоопко тартылбай кала берди. Ал болсо качан болсо элге акыл үйрөтүп, өзүн укмуш сезип келет. Өзүн былжырак, ушунчалык  “гряз” экенин сезип койсо эмне…Эми сезбесе, сезчү мезгил да келээр. Күтө турсун…

 Булак: Багыт.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу