ЖЭЭНБЕКОВ: “ҮЙ-БҮЛӨЛҮК КЛАНДЫК БАШКАРУУГА ЖОЛ БЕРБЕЙМ”

“Үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн башатында турган адам катары бийликтеги кландык башкарууга жол бербейм!”, – деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда Ысык-Көл областынын Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Мен үчүн 2010-жылы үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы чыгып, курман болгон мекендештеримдин, алардын жакындарынын тагдыры жөн гана сөз эмес. Бул – менин да кайгым, менин да трагедиям. Ошондуктан, бул теманы саясий чайкоочулукка айландырууга жол бербейм! Эл тарабынан шайланган президент катары үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм!”, – деп билдирди Жээнбеков.

Ал үй-бүлөлүк режим жөнүндө айткандан тажабагандар олуттуу бир  факторду эске албай жатышканын, бул – коомчулуктун аң-сезиминдеги артка кайтпас өзгөрүүлөр экенин белгиледи.

“Биздеги эң чоң жетишкендик – күчтүү жарандык коом. Ачык коомдо эч качан үй-бүлөлүк, деги эле кландык башкаруга жол берилбейт. Президенттик кызматтагы менин мамлекеттик ишмердигиме жакындарымдын же туугандарымдын эч кимиси таасирин тийгизе албайт”, – деп белгиледи президент.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл областына барып, анын алкагында Тоң районунун жашоочулары менен жолугушууда.

БУЛАК: КАГАНАТ

Аргумент.kg
Жооп калтыруу