Жээнбеков: Улуттук стратегия адамдын потенциалын өнүктүрүүгө багытталган

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жаңы документтин мурдагы стратегиялардан айырмасы адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталат жана бул максат мамлекеттик саясаттын борборунда болот деп айтты.

— Бул максат үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүдөн башка стратегияда соттук, демократиялык жана укуктук багыттарга өзгөчө көңүл бурулду. Эң жакынкы мезгилде аткарууга кирише турган негизги милдетибиз — сот реформасын ишке ашыруу. Соттук иштердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн сот процесстерин заманбап технологиялар менен жабдыйбыз, — деди Жээнбеков.

Ошондой эле башкаруу системасынын иш форматын өзгөртүү үчүн “Түндүк” электрондук системасын, жалпы эле “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу бардык бийлик бутактарынын милдети экенин президент кошумчалады.

Ал эми стратегиядан тышкы саясатта Орусия жана коңшу өлкөлөр менен достук мамилеге өзгөчө маани берилгенин Сооронбай Жээнбеков белгиледи.

Президенттин айтымында, стратегияны ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2023-жылга чейинки мөөнөт каралып, анда беш жылдагы максаттар камтылмакчы.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда эки маселе: 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы жага 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы талкууланууда.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу