Жээнбеков: Тоо-кен тармагы мамлекеттик көзөмөлдөн чыгып калган

Президент Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулбай, мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калганын бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

— Бул тармактан жылына 12 млрд. сом акча түшөт, ИДНнын 8 пайызын, өндүрүштүн 44 пайызын түзөт. Тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулган эмес, мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калган. Мындан улам курч маселелер жаралды. Уруксат берүү системасында тамырлашып кеткен коррупция бар. Экологияны коргоо көңүл сыртында калган. Жергиликтүү калктын каршылык маанайлары жаралды, — деди президент Жээнбеков.

Ал кен чыккан жерге уруксат берүүдө көп учурда мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбастан, тескерисинче тар чөйрө, айрым адамдардын кызыкчылыгына артыкчылык берилгенин кошумчалады:

— Лицензиялардын колдон колго сатылганы, алып сатарлык көрүнүштөр орун алып жатат. Жолун тапкандар, алып сатарлык менен алектенип жатат. Лицензияларды инвентарищациялоо боюнча тапшырма бердим. Кен иштеткенден көрө лицензияны кармап туруу мөөнөтүн узартуу үчүн акы төлөө оңой болуп жатат. Ачыктык, адилеттик, таза иштетүү боюнча сунуштар болушу керек. Тоо-кен тармагы боюнча сот чечимдери көп суроолорду жаратты. Бирдей эле фактылар боюнча карама-каршы чечим чыгарган учурлар бар, — деди ал.

Маалыматка ылайык акыркы жылдары кен тармагына байланыштуу 100гө жакын кылмыш иши козголгон. Ал эми жалпысынан кен тармагында 2571 лицензия берилген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу