Жээнбеков: Текебаевдин ишине кийлигише албайм, мунапыс гана бере алам

Президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албайт, бирок мыйзам боюнча мунапыс бере алат. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өтүп жаткан пресс-конференцияда айтты:

— Баардык соттук инстанция бүткөн. Жогорку сот караган, бул боюнча өзүнүн чечимин чыгарган. Мен аны буза албайм. Мыйзам боюнча менин бир гана укугум бар – мунапыс берүү. Жазса берейин. Башка укугум жок. Сот чечими мага чейин эле чыккан да.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Азыр ал түрмөдө.

Мурдараак Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айыпты моюнга албай турганын айтып, ырайым суроодон баш тарткан.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу