Жээнбеков: Саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт. Бул тууралуу бүгүн парламентке кайрылып жатып мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Президент бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбой турганын айтып, “мыйзам бузууларга, экономикалык кылмыштуулукка каршы жүргүзүлөт” деп белгиледи.

Ошону менен катар Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшкө тартылган күч структуралары өздөрү мыйзам бузуудан алыс болууга тийиш экенин айтты:

— Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун “ушул адамды бошотуп коюңуз” деген суранычтары түшүп жатат. Бул күрөш коомдун, жарандардын колдоосуна, активдүү позициясына да муктаж. “Ууру болсо да биздин бала эле” деген ой менен бир айылдын баары кол топтоп, бошотуп коюу суранычын жөнөтүп жатышат.

Быйыл февраль айында президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, жемкорлук Кыргызстандагы негизги көйгөй болуп жатканын белгилеген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу