Жээнбеков: Реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйыны өтүп жатат.

Күн тартибинде эки маселе, соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жана жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшү каралууда.

— Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат. Буга чейин соттук же укуктук реформа өз-өзүнчө жүргүзүлүп келген. Биздин реформанын өзгөчөлүгү — соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз, — деди мамлекет башчы.

Сот-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүү боюнча Эксперттик жумушчу топтун маалыматына таянып, эскиче ой-жүгүртүү ишке тоскоол болуп жатканын, Укук коргоо жана көзөмөл органдары эски репрессивдик мыйзамдардан кеткиси келбей жатканын айтты. Мындан сырткары айрым мамлекеттик органдарда реформага барууга саясий эрк жетишпей жатканын белгиледи.

Күн тартибинде көрсөтүлгөн маселелер боюнча вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков маалымат берет. Мындан сырткары райондор аралык соттор, тергөө судьясынын укуктук статусу, жаңы Жарандык-процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жана судьяларды ротациялоо жөнүндө төрт мыйзамдын долбоору каралып, бул боюнча Кеңештин мүчөсү, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева баяндама жасайт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу