Жээнбеков Путинге аргымак мингизип, тайган жетелетти…

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген РФ лидери Владимир Путинге аргымак мингизип, тайгандын күчүгүн тартуулады. Бул тууралуу президенттин ишин чагылдырган журналисттерге таянып РИА Новости жазды.  Маалыматта аргымак Орлов тукумунан экени, ал эми күчүктүн аты Шерхан экени айтылды.

БУЛАК:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу