Жээнбеков Назарбаевдин чакыруусу менен Казакстанга барат. Талкууланчу маселелер

Жолугушуу маалында мамлекеттик чек ара режими, демаркация келишими сыяктуу документтерге кол коюлат

 25-26-декабрь күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапары менен барарын өлкө башчысынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.

30-ноябрь күнү эки президент Минск шаарында өткөн ЖККУ саммитинде кезигип, чек ара маселесин талкуулашкан.

Ошондой эле Назарбаев Кыргызстандын президентин өз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.»25-26-декабрга белгиленген иш сапар Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен ишке ашканы жатат. Тар жана кеңири чөйрөдө жолугушуулар болуп, эки өлкөнүн ЕАЭБдин алкагында кызматташуусу боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле өкмөт башчысы менен дагы жолугушуу болот», — деди Субакожоева.

Анын пикиринде бул сүйлөшүүлөр жол картасын ишке ашырууга түрткү болмокчу.

«Кыргыз тарап Казакстан менен достук мамилени чыңдоого кызыкдар. Ошондой эле кызматташуулар тең укуктуулук, сый жана түшүнүү жолу менен ишке ашат деп ишенет», — деди Субакожоева.

Тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси айткандай, жолугушуу маалында мамлекеттик чек ара режими, демаркация келишими сыяктуу документтерге кол коюлат.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу