ЖЭЭНБЕКОВ: “МЕКЕНДИ КӨЗДҮН КАРЕГИНДЕЙ КОРГОО – БИЗДИН БҮГҮНКҮ МИЛДЕТИБИЗ”

Бүгүн, 9-май улуу Жеңиш күнү менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Президент кан кечип, Жеңиш алып келген аталарга таазим кылып, бул тарыхый датанын тарбиялык маанисине көңүл  бурган.

“Жеңиш күнү – Ыйык Күн. Жеңишти алып келген каарман аталарыбыздын саны жыл сайын суюлуп барат. Азыркы күндө арабызда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан саналуу гана улуу муундун өкүлдөрү калды. Аларга сый-урмат көрсөтүп, камкордукка бөлөп, баалап-барктап алуу – биздин ыйык парзыбыз.

Урматтуу ардагерлер, эрдигиңиздер урпактардын эсинде түбөлүккө жашайт. Эч ким, эч качан унутулбайт! Бар болуңуздар!

Урматтуу мекендештер!

Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыз аӊыз болуп айтылып, урпактарга мисал болчу эрдиктин үлгүсүн калтырып кетти. Алардын жолу – биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз болуп калат. Улуу Манастан бери келаткан даӊазалуу жолдун уландысы болот. Аталардын даӊктуу жолун улантуу – Мекенди көздүн карегиндей коргоо –  биздин бүгүнкү милдетибиз.

Бүгүнкү Жеӊиш күнү сергек ой-жүгүрткөн ар бир адамга, жалпы адамзатка дагы бир жолу согуштун кыяматын эскертип, дүйнөдө тынчтыктан өткөн дөөлөт жок экенин далилдеп турат. Тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!”, – деп жыйынтыкталат өлкө башчысынын куттуктоосу.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу