Жээнбеков мамлекеттик менчикти уурдоонун бетин ачууну тапшырды

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Анда УКМКнын былтыркы ишмердигинин натыйжалары, Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Кадыркулов Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, ички жана тышкы коркунучтарга, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комитеттин ишмердиги жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөш, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын бетин ачуу боюнча жигердүү жумушту улантуу зарыл экенин белгиледи.

Мындан сырткары санариптештирүүнүн алкагында УКМК тиешелүү органдар менен бирге киберкоопсуздукту камсыздоо жана өлкөнүн маалыматтык инфраструктурасын ишенимдүү коргоо маселелеринин үстүндө иштеши зарыл экенин кошумчалады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу