Жээнбеков Кытайда ТВЕА компаниясынын бир өкүлүн коррупция боюнча кармашканын билдирди

Жээнбеков Кытайда ТВЕА компаниясынын бир өкүлүн коррупция боюнча кармашканын билдирди
“Мен коррупция менен болгон күрөштү аягына чейин жеткирем. Азыр Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча ишти аягына чыгарып алсак, анан мындан да чоң коррупциялык иштердин бетин ачууну баштайбыз деп турабыз. Мына, кечээ бизге билдиришти Кытайда биздин Бишкек ТЭЦин модернизациялаган ТВЕА компаниясынын бир өкүлүн мына ушул иштеги коррупция боюнча кармашыптыр. Биз бул ишти ийне-жибине чейин тактап, аягына жеткиребиз, күнөөлүүлөр жазасын алат”, – деп билдирди 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун лидерлери менен жолугушуусу учурунда.

Эсиңиздерге сала кетсек, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун 40 лидери менен жолугушуу өткөрдү. Алгач 2 саатка белгиленген жолугушуу кызуу талкуулар менен 4 саатка созулуп кетип, анан аяктады. Анда бүгүнкү кыргыз мамлекетинин алдында турган ар кандай көйгөйлөр менен тобокелчиликтер талкууланды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу