Жээнбеков: Коррупциянын айынан көп инвестиция башка өлкөлөргө бурулуп кетти

Кыргызстанда коррупциянын айынан көп инвестициялар башка өлкөлөргө бурулуп кетти. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу Азаттык жарыялады.

Президент өлкөнүн учурдагы абалы өзгөрүлүүгө муктаж экенин айтып, кечиктирбей чечүүнү талап кылган маселелер көбөйгөнүн белгиледи.

“Чейрек кылым аралыгында өлкөнүн экономикасы анчалык өнүгүүгө жана туруктуу өсүү темпине ээ боло алган жок. Аймактар ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орногон жок” деди Жээнбеков.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу