Жээнбеков: Зарыл болсо жаңы кодекстерди оңдойбуз

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 1-январдан тартып ишке кирген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча пикирин билдирди.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө башчы жорук жасаган жарандар оор кылмыш жасаган адамдар менен түрмөдө чогуу камалбай турганын, түзөтүү мекемелериндеги адамдардын саны да азаярын айткан. Ал түз жолдон адашкандардын баарын эле жазалоо максат эмес экенин билдирген.

— Бир да реформа кемчиликсиз болбойт, — деди ал. — Бирок алган багытыбыздан тайбай кете беришибиз зарыл. Жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын айрым нормаларына сын пикирлер айтылып жатат. Аларды зарылдыгы болсо оңдойбуз. Мисалы, айрым айыппулдардын өлчөмү чоӊ болуп калганы жөнүндө ой-пикирлер айтылып жатат.

Аларды парламент, өкмөт карап көрөт. Бирок баарыбыз тартип менен жашоого үйрөнүшүбүз зарыл. Биз бул реформаны сөзсүз ишке ашырабыз.

1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди.

Ага ылайык жол эрежесин бузгандарга айыптын өлчөмү жогорулатылып, тыюу салынган жерлерде тамеки тарткан, көчөдө түкүргөн адамдарга айыппул салына баштады.

Бул айыппулдардын маани-маңызы жана өлчөмү Интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкууланып жатат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу