Жээнбеков: Жакында коррупциялык көп фактылардын бети ачылат

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда өлкөдө коррупция менен күрөшүү токтобой турганын айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

— Өлкөдөгү коррупция ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети ачылат, — деп айткан президент.

Ошондой эле Жээнбеков экономикалык абалга да токтолуп, жаңы ишканалар көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн үч жылдык мөөнөткө бошотулганын, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 1646 долбоор каржыланып, жалпысынан 300 млн. долларга жакын каражат жумшалганын белгиледи.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда өлкөнүн аймактары боюнча 2018-жылы 2500ден ашык жаңы жумуш орду түзүлдү. (BTo)

Аргумент.kg
Жооп калтыруу