Жээнбеков: Василивецкий маселесинде Фарид Ниязов жооп берсин

Президент Сооронбай Жээнбеков жакында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий технологу катары аты аталган Алексей Василивецкийди 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин көргөнүн, башында анын чет элдик экенин билбегенин айтты:

— Бул киши Фарид Ниязовдун жакын адамы, кеңешчиси болгон. Мен премьер-министр болгондо деле мага телефон чалып, аны «жакшы кеңешчи» деп айтканынан кабыл алганмын. Менин эки кеңешчим бар эле, алар аны менен иштөөдөн баш тартышкан. Андан кийин деле эки-үч кат келген, бирок мен айтканмын, «ал мага болбойт, мен андай кеңешчилерге муктаж эмесмин» деп. Мен жашымдан баштап дыйкан-фермер эл менен иштеп, бүт баскычтан өткөм. Менин программамды деле сырттан эксперттер келип жазган эмес, тажрыйбамдан келип чыгып жазылган. Ал «170 миң доллар алдым» деп айтты. Алса, келип жооп берсин. Ким берди? Кимден алды? Жооп берсин. Бул жерде баары аппак, бирок штабдын башчысы Фарид Ниязов «жооп бербейм, тазамын» дейт. Биринчи Фарид Ниязов жооп бериши керек, — деди мамлекет башчысы бүгүн, 19-декабрда өткөн басма сөз жыйынында.​

Быйыл ноябрда Василивецкий орус жараны экенин, былтыркы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго кеңеш берип иштегенин, бул үчүн акы алганын, кийинки убакта аңдуу жана кооптуу билдирүүлөр болуп жатканы үчүн Кыргызстанда сегиз жыл иштеген соң кетип жатканын айткан.

Василивецкийдин аты жакында укук коргоочу Нурбек Токтакунов «Жээнбековдун борбордук штабы шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесинде бир нече жолу жазылган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда “Апрель” телеканалындагы маегинде 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызына жана анын үй-бүлөсүнө коркунуч жаралып, өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

Сооронбай Жээнбеков Сатыгул кызынын маселесине да токтолуп, аны жакшы билерин, өмүрүнө кандай коркунуч жаралганын түшүнбөгөнүн, Кыргызстанда аман-эсен жүрүшүн каалай турганын билдирди.

Президент акыркы кездери коомду чыңалтуу максатында жаштарды саясий оюндарга аралаштырган аракеттер болуп жатканын белгиледи.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу