Жээнбеков башкача иш алып барабы?

Cөзүбүздү эки мисал менен баштасак.  Биринчиси Сооронбай Жээнбековдун ишке киришүү аземинде экс -президент Атамбаев “Соке абдан иштерман адам”,-  деп баса белгиледи. Андан кийин дагы бир экс -президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” берген маегинде “Атамбаев иштебей койду. Мисалга мен Путиндин сайтына кирип көрсөм, бир күндө беш-алты жолу кеңешме өткөрөт, тез-тез Ыраакы Чыгышка чейин барып ахывалды өз көзү менен көрүп келет. Такыр тынымы жок. Президент деген дал ушундай иштеш керек! Атамбаев антпеди”, — деп ачык айтып салды.  Мына ушул эки сөздө президентке баа берүү жатат. ММКларды карап отурсаң чындап эле жаңы президенттин тынбай иштеп атканына күбө болосуң. Минскиге барганда анын аппаратындагылардын “Назарбаев менен жолугушуу пландалган жок”- дегенине карабай коңшу өлкөнүн жетекчиси менен жолугуша алды.  Эфирди карап отуруп бири-бирине кылган мамилесинен улам кийинки кездеги татаалдашып кеткен кыргыз-казак мамилелери кайрадан жылый баштагандыгына ишенип кетесиң. Чындап эле ошол жолугушуудан кийин Назарбаев чек-араны ачууга буйрук берди. Жол картасына дагы жаңы-жылга чейин кол коюуу пландалууда. Албетте жаңы Президент конституциялык укуктары чектелип турганын түшүнүп эле турат.  Бирок, ошого карабай ал болгон “рычакты” пайдаланып өзүнүн “номер биринчи” экенин көрсөтүүдө.  Маселен,  ал бийликтин бардык бутактарын чакырып кабыл алууда. Акыркы сөздөрүнүн биринде “бийлик башындагылар ар кайсы кеңештерде тез-тез жолугушуп, кайсы маселени кантип чечүүнү кеңешип туралы”,-  деп айтты. Мындай кеңештердин башында президент турары белгилүү. Ошону менен ал, бийлик бутактарын координациялап туруу укугун бекемдеп жатат. Жаңы ишке киришип жаткан кезинде “Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзө алабы?” деген суроо ачык коюлган. Анын алгачкы иш аракеттери  жаңы Президент өз алдынча саясат жүргүзүүгө дилгир экендигин көрсөтүп салды.

БУЛАК:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу