ЖЭЭНБЕКОВ: ” БААРЫ БОЛО БЕРЕТ ДЕП ОЙЛОБОГУЛА! МЫЙЗАМ БУЗУУ БОЛГОН БААРДЫК МАСЕЛЕГЕ КИРИШЕМ”

«Соттордун ишине киришпешим керек. Бирок баш аламандык болуп, мыйзам бузуулар болуп жатса мен киришпей коё албайм» Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Өлкө башчысынын айтымында Кыргызстанда оор кылмыш жасагандарды бошотуп жаткан сотторго карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.

-Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок, бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатса, кылмыш кылып жатса мен эмнеге карап турушум керек?  Мени эл үмүт менен шайлаган. Баары боло берет деп ойлобогула! Мыйзам бузуу болгон баардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге жеке өзүм көзөмөлгө алам  – деди Жээнбеков

Мамлекет башчы  соттордун ишинде натыйжа болбой жатканын айтып, мыйзамсыз өз билемдиктерди токтотууга чакырды. Ошондой эле ал бир ишти бир канча жыл караган, бир жылда сегиз эле иш караган соттор бар экенин да кошумчалады.

-Акыркы эки жылда президенттин дарегине укук коргоо, сот, көзөмөл органдарынын ишине нааразы болгон 5480 арыз келип түшкөн. Рейдерлик тартып алуулар мамлекеттик деңгээлге жетти. Мына  сотто жарандардын катышуусуз эле мүлктөрүн тартып алуу болуп жатат-деди өлкө башчысы

Сооронбай Жээнбеков акыркы 2 жыл ичинде уюшкан кылмыштуу топторуна карата 76 миңден ашык кылмыш иши козголгонун бирок анын 30 пайызы гана сотко жөнөтүлгөнүн, эксперттердин айтымында криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоң суммага жеткенин айтып, уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоң өлчөмдөгү акчалардын агымы укук коргоо жана сот кызматкерлеринин катышуусу менен ишке ашып жаткандыгын белгиледи.

-Жалпы иштердин 43 пайызы тергөө тарабынан токтотулган же кыскартылган. Анын ичинен 85 пайызы «күнөөгө шектүү адамдар табылган жок деп токтотулган. Буга ким ишенет? Жада калса өзүңөр да ишенбейсиңер,  — деди президент.

 Ошондой эле ал  оор кылмыш жасагандардын абактан эрте чыгып кетип жатканына байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын ишин да сынга алды.

Бүгүн 8-февралда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында бардык күч түзүмдөрүнүн жасаган иштерине анализ жасап, кайсы орган кандай аракеттерди көрүп жатканы боюнча өз пикирин билдирүүдө.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу