«Жээнбеков, Атамбаевден жөн кутула албайт!»

«Небереңден өлүп кутуласың……дегендей
«Возвращения Будулая» деген ат менен «Жаңы ордо» жазганды кунт коюп окугула! Атамбаев боюнча так, кыска ачык жазыптыр.Анын кайра келишин бийликтегилер да,оппозициясы күтүп жаткан экен….Мен ушул макалага дайым айтып келген өз пикиримди кошкум келди. Бирөө туура көрөт,бирөө сөгөт …Чындыкты айткам …айта берем.
Сооронбай эле соксоюп жалгыз келди…Аны дагы эптеп мен келгиче чыда ..дегендей оордуна күч менен апкелип коюп кетпеди беле.Аны дагы Фар Иттке көзөмөлдөтүп койгон.Калган бийлик бүт «өзүнүн көздөй» кишилеринин колунда. «Экс» деген аты эле болбосо ал бийликтен кеткен да эмес.Мындай ачык сөздү саясатчы айтса камалат,журналист жазса айып тартат.Мени бышырып жесе да айтам…Атамбаев бийликти басып алганы чындык…Кийинчерээк КСДП деген бандиттик топ аркылуу жеке бийлик орнотуп алганын көрүп эле турасыңар.Сооронбайдан башка бирөө ажолукка шайланып калса түптүз эле түрмөгө отурмак.Бул сыйкырчы күч түзүмдөрүн жумшап: партлидерлерден баштап айыл өкүмөтүн башкаргандарга чейин кайдан, кантип акча тапкандарын изилдетип көз каранды кылып алган.Керек болсо чоң акча айланган жеке менчик ишкана ээлерин да кайрымакка илип койгон.Кыскасы коррупцияга кокосунан баткан чиновниктерди бир короого чогултуп алган.Ошон үчүн АШАга эч ким каршы чыккан эмес, азыр да чыга албайт. Кетире ала турган күч да жок. Канча азамат жалган жалаа менен түрмөдө жатат? Баш көтөргөндү камай берет! Жээнбеков да жөн кутула албайт! Кыргызча айтканда «өлүп кутулат»!
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар айткандай «кул» болуп беришти.Аларды таратканда эстерине келишет.Кеч болуп калат.Кошоматчы ,мансапкорлордон кайра шайлап алыш заматтык иш.
«Маакул эмесмин» — деп кол топтоп жүргөндөрдүн кагазын кабыл алдырбайт.
Саясий туткундарды чыгарбайт. АШАнын ашаткы саясаты кайра уланат.
Эл ичинен ар намыстуу эр азаматтар «Конститутциялык реформа!» талабы менен бир күчкө биргип чыкса гана АША келе албайт. Кыргызстан өз жолун табат.

Кадырбек Керимбаев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу