Жээнбековду жемелебесеңер!

Негизи эле бизге эч нерсе жакпайт. Акырын жүрсө аксак, катуу жүрсө таскак дейбиз. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков милдетин так аткарбаган бир чиновникти » чык эшикке» деп койсо, ошону эки жумадан бери айтып түгөтө албай койдук. Маданияттуу киши айтип айтпайт, өлкөнү башкарам деген киши минтип ачууланбай»т- деп ашкере маданиятуу болуп чыга келдик. Кырсыктан жабыркаган эл » эртең кыш келсе кантебиз» деп ичкени ириң, жегени желим болуп атса, алардын турак-жай, суу, свет маселесин чечмекчи болгон бул жактагы чиновник сөрөйлөр камырабай жүргөнү акылга сыябы? Сыпайы көрүнөм деп же аларды чекесинен сыласынбы?

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу