Жээнбековдун инаугурациясына чет өлкө президенттери чакырылбайт

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине чет өлкө президенттери чакырылбайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов билдирди.
— Дүйнөлүк практиканы эске алып, инаугурацияга чет өлкө президенттери чакырылбайт. Бирок өлкөдөгү элчилердин баары чакырылат, — деди Үсөнов.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. Аны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети 3-ноябрда биринчи жыйынын өткөргөн. Жыйында ант берүү аземи боюнча иш-чаралардын программасы жана чакырылуучу коноктордун тизмеси талкууланды. Уюштуруу комитетин Алмаз Үсөнов жетектейт жана ага бир катар мамлекеттик органдардын башчылары мүчө.

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,22% добуш менен жеңип чыккан. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда жарыялады. Мыйзам боюнча расмий жыйынтык айтылгандан кийин 30 күн ичинде жаңы шайланган президент ант берип, кызматына киришүүсү керек. Азыркы президент 2011-жылдын 1-декабрында ант берген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу