Жээнбековдун жеңиши Текебаевди боштондука чыгарабы?

Азыркы күндө жалган жалоо менен бир нече жылга абакка отургулузган Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоодон кийинки тагдырына кызыккандар арбын. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болоорун бир топтору түшүнүп деле калды окшойт. Өзүнүн деле күчү барбы, ага бийликтин күчү кошулабы, айтор бир далайы Жээнбековдун жеңип чыгышынан шек санабай деле калышты окшойт. Ошондой болду деп коелу. Анан ал сөзсүз түрдө Текебаевдин тагдырына кийлигшүүсү зарыл болуп калат. Айрымдары мыйзамдардын ичинидеги жылчык-мылчыктарды таап аны бат эле бошотуп жибериши мүмкүн дешүүдө. Кээлери буга караманча каршы, анткени бийликтин алгачкы учурунда алда кимдерге кылчактап чечкиндүү кадамга барбай коюушу мүмкүн дегендери да бар. Бирок, баары бир көпчүлүгү Сооронбай мырзанын бийликке келиши Өмүкөнүн боштонука чыгууга жол ачат деп ишенүүдө.

БУЛАК: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу