Жээнбековдун дымагы дале өчө элек…

Саясий айдыңдын жоопкерчилиги тоодой

Далайдан бери карай саясаттын “акырын” жыттоодон баш тартпай келаткан киши бар-Равшан Жээнбеков деген. Кырчындай жаш кезинде “устукан” мүлжүгөн чиновниктин дымагы дале өчө элек. Анткени кайсыл бир күнү көздөгөн тилегине жетүү үчүн баары аракетин жасайт эмеспи? Былтыр эле тикесинен тик туруп алып тескери кебин Атамбаевге узаткан бул жигиттин “компасы” бийликтегилерге эмес, мурдагы ажого бурулганында эмне кеп бар? Маселе так ошол жерде жатат. Бекер жерден жайытын алмаштырбайт эле да, туурабы? Демек, сулк жаткан “иттин өлүгү” кайра тирилеби деген собол ташталды.
Так ошондой образ пайда болду. Ичи келишпегендердин табагынан май тамчылап, алтын шилекейлери чачырап, пландар бышып, алакандар чабылып эле жатып калышыптыр деген кепти чамгарактатып жиберишти “тукуму өскүрлөр”. Эми мунун эрөөнү деле болбостур? Себеби, саясаттын кайсыл учурдагы бетин көрөн жокпуз? Тирешкенде тимеле көздөрүнөн чаар көпөлөк чыгып, шайлоолордо жөөлөшүп, бири-бирин көөлөшүп кеткенин далай байкаганбыз да? Тескерисинче табышканда жүзүнөн мээри төгүлүп, берерге ашын таппай, капчыгына улам кол сала коюп, узатканда чепкенин жаап, калпагын кийгизип, жоргого мингизип жиберишет саясатчылар. Анын сыңарындай Жээнбеков экс-ажого жолугуп сыр чечишиптир, мунун минеси жаман? Эгер кабактары келишсе чайын таң аткангча иче берсин, келечек иштерине маани беришсин. Ага ичи тардык кылышса деле саатын жебеси токтоп калбайт. Болгону- элге кесепети тийбесе болду…

Булак:Ачык сөз

Аргумент.kg
Жооп калтыруу