Жээнбековдун алгачкы маеги: «Элдин ишенимин актоого бардык күчүмдү жумшайм»

Кыргызстандын Боршайкому КР Президентин шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. “Кабар” агенттиги учурдан пайдаланып, өлкөнүн жаңы шайланган Президентине бир нече суроого жооп берүү өтүнүчү менен кайрылып, макулдугун алды. Төмөндө бул маектин тексти келтирилген.

“Кабар”: Сооронбай Шарипович, Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун акыркы жыйынтыктарын расмий сунуштады. Сиз расмий түрдө президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болуп жарыяландыңыз. Кандай сезимдер болуп жатат?

С.Жээнбеков: Албетте, бул өлкө жана Кыргызстандын эли көрсөткөн ишеним үчүн чоң жоопкерчилик!

Бул чоң жүктү дене боюм менен сезип турам десем болот. Биздин жалпы командабыз менен, элибиз менен бирге элибиздин ишенимин актоо үчүн, ар бир жаран мага добуш бергенине өкүнүп калбашы үчүн бардыгын жасайм! Башка талапкерлерге добуш берген жарандар мага жана биздин командага ишенүүсү үчүн болгон аракетимди жумшайм.

— Кыргыз Республикасынын президенти кызматына келгендеги биринчи кадамдарыңыз кайсылар болот?

 Биринчи кезекте мен кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирем. Элибиз кайрадан өзүнүн даанышмандыгын көрсөттү. Кыргызстанда демократиялуу, таза жана адилет шайлоо өтөрүнө бардыгы эле ишенген эмес, бирок шайлоо өттү. Мында президент Алмазбек Атамбаевдин салымы зор, бул үчүн мен ага ыраазычылык билдирем.

Бишкектеги жана жер-жерлердеги менин командамдын мүчөлөрүнө, үгүттөөчүлөргө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем. Коомдук жана эл аралык байкоочуларга ыраазымын. Ошондой эле башка президенттиккеталапкерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Чынчыл күрөшүп, шайлоону демократиялуу жана атаандаштыкта өткөргөндөргө рахмат. Менин жеңишим – бул бүтүндөй Кыргызстандын жеңиши деп эсептейм.

Алдыда жасай турган иш көп. Кыргыз Республикасынын президентинин кызматындагы биринчи аракеттерим Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин багытын улантуучулукту баса белгилеген жана реформаларды улантууга багытталган кадамдар болот.

Конституция боюнча Президенттин милдеттери жана ыйгарым укуктары көп. Мамлекет башчыдан башка эч ким мамлекеттик бийлик бутактарынын өз ара аракеттерин алардын көз карандысыздыгына жана өз алдынчалуулугуна зыян келтирбей координация кыла алат. Биринчи кезекте кеп Кыргызстандын өнүгүүсүндө стратегиялык багыттарды көздөө кепилдиги жөнүндө болууда.

— Эл аралык байкоочулар өз бааларын беришти. Биометриканын негизинде шайлоо өткөрүү өзүн актады деп ойлойсузбу?

— Кыргызстандын эли шайлоонун жыйынтыгын кабыл алды. Бул сиздин сурооңуздун башкы жообу. Албетте, шайлоону биометриканын негизинде өткөрүү өзүн актады. Анын үстүнө, бул Президенттик шайлоо Кыргызстанда биометриканын жардамы менен өткөрүлгөн үчүнчү шайлоо болду. Биометриканын негизинде биз 2015-жылы парламенттик шайлоону, 2016-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана 2017-жылы президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрө алдык.

Мен биометриканын жардамы менен шайлоону өткөрүү барган сайын шайлоолордун ачыктыгын камсыздап келе жатканын жана бул система өзүн толук актаганын ишеним менен айта алам.

Эл аралык шайлоочулар президенттик шайлоонун өткөрүлүшүнө жогорку баа беришти. Мисалы, ЕККУ байкоочуларынын миссиясы шайлоо Кыргызстанда демократиялык процесстерди камсыздоого салым кошуп, атаандаштыкта өтүп, шайлоочулардын тандоосу кеңири болгонун билдирди. Мындан тышкары, мисал катары КМШ байкоочуларынын билдирүүсүн келтире алам. Алар Кыргызстандагы президенттик шайлоо жогорку деңгээлде, мыйзам жана эл аралык ченемдерге ылайык өтүп, ачык, атаандаштыкта жана айкын болгонун белгилешти.

Бул өлкөдө таза жана калыс шайлоону камсыздаган тутум орношу үчүн биз Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен биргеликте аткарган зор иштердин натыйжасы.

— Кыргызстандын келекчектеги президентинин иш убактысы кандай болот жана бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?

 Балачагымдан эмгекке көнгөм. Иш күнүм таң эртеден башталып, кеч аяктайт. Мендеги бул мамилени эми өзгөртүүгө болбойт. Эгерде бош убакыт болуп калса, жөө басам, китеп окуйм. Жаш кезимде волейбол ойногонго аябай кызыкчумун. Бош болгондо топ ыргытып коем.

Президенттик кызматка мен шайлоо алдындагы бардык убадаларымды ишке ашыруу, башталган реформаларды улап кетүү, акыркы жылдардагы өлкөнүн жетишкендиктерин чыңдоо үчүн бекем чечкиндүүлүк менен келдим. Бардык күчүмдү, тажрыйбамды, билимимди жана убактымды элиме жана өлкөмө кызмат өтөөгө жумшайм.

Кыргызстан аймактын эң ийгиликтүү өлкөлөрүнүн бири болушу керек. Бул үчүн биздин бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биздин пайдубалыбыз мыкты. Биз, кыргызстандыктар ынтымактуу жана биримдиктүү болууга тийишпиз. Бардык жерде – саясатта, турмушта, эмгекте чынчыл, калыс болушубуз керек. Ар ким өзүнүн тилкесинде эмгектенип жана ийгиликтерге жетишүүсү кажет. Ошондо биздин колубуздан баары келет.

Маектешкен Улан Чойбеков, “Кабар” КУМАнын директорунун орун басары

Булак: kabar.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу