ЖЭБ: Калиев менен Садыковдун айыбы

ишкек ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот болуп, эки кишиге айыптары расмий угузулду.

Чуулгандуу окуяга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда, судья Эмилбек Кайыповдун жетегинде өтүп жатат.

Соттун 26-октябрдагы отурумуна жабырлануучу тараптан «Электр станциялары” жана «Бишкек жылуулук тармактары» ишканаларынын өкүлдөрү келди.

Ал эми шектүү катары «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов катышты.

Булардан тышкары ЖЭБ кырсыгына айыпталгандардын катарында «Улуттук энергохолдингдин» биринчи орун басары Нурлан Садыков, Бишкек ЖЭБнин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу менен жылуулук борбордун мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков да отурду.

Сотто жогоруда аты аталгандардын ичинен Айбек Калиев менен Нурлан Садыковго айыбы расмий угузулду. Аны прокурор Улан Тагаев окуду:

— Айбек Калиев Кылмыш-жаза кодексинин 221чи «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталып жатат.

Ушундай эле айып Нурлан Садыковго карата да окулду. Калган шектүүлөргө тагылган айыптар 2-ноябрда боло турган отурумда угузулары кабарланды.

Прокурорлордун айыптоо корутундусунда «Энергетикалык мекемелердин мурдагы жетекчилери Бишкек ЖЭБинин 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерген эмес. Суу түтүктөрү жайгашкан имараттардын терезелери алмашпаганы үчүн ал жерде температура түшүп кеткен. Кырсыктын бирден бир себеби мына ушул болгон« деп жазылган.

ЖЭБдеги авариядан мамлекет 89 млн. 700 миң сомго жакын зыян тартканы дагы камтылган. Анын 12 млн. сомдон ашыгы кырсыктын кесепетин жоюуга кеткен. Андан тышкары ысык суу менен жылуулук үчүн 77 млн. сомдон ашык төлөм бюджетке түшпөй калган.

Сотто Айбек Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев «Бишкек ЖЭБи Свердлов районунда жайгашкандыктан ишти Свердлов райондук сотуна өткөрүп берүү жана Айбек Калиевди үй камагына чыгаруу» боюнча эки өтүнүч келтирди. Бирок сот экөөнү тең канааттандырган жок.

Жумашев «Айбек Калиевге козголгон иштин артында саясий кызыкчылык бар» деп эсептейт:

— Бишкек ЖЭБи толугу менен «Электр станциялары« ишканасына карайт. Бул кылмыш иши жана ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыкка «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевдин эч кандай тиешеси жок. Калиевге бул иш боюнча айыбы 25-сентябрда гана угузулду. Тергөө ага чейин эмнени күтүп жатты? Бул саясий чечимге эле окшош болуп турат.

Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулужылуулук борбордогу кырсыкка байланыштуу кылмыш иши өзүнчө каралып жатканына нааразы болду.

Нурлан Өмүркул уулу.

— Бул биринчи бир эле кылмыш иши болуп козголгон. Кийин ЖЭБди модернизациялоону өзүнчө, ЖЭБдеги кырсыкты өзүнчө кылып экиге бөлүп койду. Буга мен түшүнбөй калдым. Анткени өндүрүштүк кырсык химиялык цех салынбай калганы үчүн болгон да. Иш экиге бөлүнгөнүн тергөө бүткөндөн кийин билдим. Сотто бардыгын далилдеп бергенге аракет кылабыз.

Бишкек ЖЭБиндеги авария жана модернизация боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Быйыл 26-январда Бишкек жылуулук электр борбору бузулуп, кыш чилдеде шаардыктар бир жумага жакын жылуулуксуз отурган.

Андан кийин ЖЭБди оңдоого жумшалган 386 миллион долларды максаттуу пайдалануу боюнча маселе көтөрүлгөн.

Бул боюнча бир катар кылмыш иштери козголуп, алардын негизинде мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, парламент депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев камакка алынган. Алар учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурушат.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу