ЖЭБдеги тендер боюнча эки кылмыш иши козголду

Бишкек Жылуулук электр борборуна жабдыктарды сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуулар боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев 30-октябрда ЖЭБде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, козголгон кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Ал эми Кытай берген 386 миллион доллар насыяга байланыштуу козголгон кылмыш иштери четинен сотко жөнөтүлүп жатат.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 30-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жыйын куруп, ишканадагы кырсыктын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышын талкуулаган.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ЖЭБди оңдоодо бир топ мыйзам бузуулар болгону, тендер өткөрүүдө жоболор одоно бузулганы жана насыянын бир тобу желип кеткени, сатылып алынган жабдуулардын баасы жогорулатылганы айтылган.

Авария жана ЖЭБди оңдоого жумшалган 386 миллион кытай насыясын пайдалануу боюнча жалпы төрт кылмыш иши козголгон, бир катар жетекчилер камакка алынган.

Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Модернизация иштерин кытайлык TBEA компаниясы жүргүзгөн. Кыргыз тарап бул насыяны 100 миллион доллардан ашык үстөгүн кошуп, 493 миллион доллар кылып кайтарууга тийиш.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу