Жыргал: “ҮЙ КЫЗМАТЧЫМ ҮЙ-БҮЛӨМДҮ БУЗУП КЕТТИ”

– Мен абдан бактылуу аял элем. Бактылуу жашоом менен башкаларга үлгүмүн деп ойлочумун. Азырчы? Өзүмдү бир байкуш, бактысыз, ал турсун шордуу сезем. Жашоом сырттан караган адамга бакыт болуп көрүнөр. Жок, жолдошум, үй-жайым бакыт эмес, мен үчүн бир кездеги бактымдын сөлөкөтү гана сыяктанат. Мени ал сөлөкөттүн жанына балдарым гана кармап турат. Кеп башынан болсун.

***

Ынтымак экөөбүздү ата-энебиз тааныштырышкан. Экөөбүз тең турмуш курчу убагыбыз келип калган кезде кездешкенгеби, бири-бирибизди жакшы кабыл алып, чоң турмушка бирге аттануу маселесин тез эле чечип койдук. Бул кадамыбыз баарынан да ата-энелерибизди абдан кубандырды. Бир балалуу болгон соң келечегибизди ойлонуп баланы кайненеме таштап, Орусияга иштеп кеттик. Себеби экөөбүздүн тең жакшы кесиптер боюнча дипломубуз болгону менен жарытылуу маянабыз, үйүбүз жок эле. Батирлеп жүрүү маселесин эрте чечүүнүн жалгыз жолу ушул болду. Тууган-уругубуздун көбү ал жакта отурукташып калышкандыктан чоочун жерде иш табуу, жашоо бат эле жөнгө салынып, көп акча таап баштадык. Мындай жашоо кимди кызыктырып, азгырбайт, кайрадан балалуу болууну токтотуп коюп, ал жактын жарандыгын алып жанталашып иштедик. Качан жер алып анан үй салууга жете турган акча топтогондо гана дагы кош бойлуу болдум. Эми Ынтымак Кыргызстанга тез-тез каттап үй салууга киришти. Мен болсо кош бойлуу экениме карабай, өзүмдүн ишиме кошуп анын бир катар ишин мойнума алып акча табууну уланта бердим. Токсикозум катуу болуп, Москванын абасынан денемди шишик басып кыйналгандарымды айтпай эле коёюн. Чоң үй баштап алгандыктан аны чукул арада бүтүрүүбүз мүмкүн эмес эле. Үйүбүздү бүткүчө күтүүсүз дагы кош бойлуу болуп, Орусиядан эки бала менен кайттык. Азыр өзүмө абдан ачуум келет. Көр оокат деп эки баламды эмчектен эрте чыгарып, ден соолугума карабай күйөөм менен ысык-суукта тең жарышып иштептирмин. Мекенибизге келип эле эс алып, тынч жашап калдык дейсизби, адам болгон сайын болсо дегенин койбойт тура. Акча айланып турушу керек деп бизнес ачтык. Аны бутуна тургузуу да оңой болгон жок.

Ушинтип жүрүп он жылдай убактыбыз кантип өткөнүн билбей калыптырбыз. Эсимде, мындан төрт жыл мурун, үчүнчү балабыз мектепке кирген жылы гана өзүбүзгө жайкы эс алууну ыраа көрүп Ысык-Көлгө барып келдик. Ал үй-бүлөлүк эс алуу өмүрүмдөгү эң бактылуу күндөрдүн бири болуп калды. Ошондо ойлонуп, мындан ары балдарым менен болуп эс алып жашоону чечтим. Эки кызым болгондуктан эми уулума шерик болор уул төрөйм деп, дагы бир жолу эне болууга чыгындым. Баары бар, баары жайында, ишибиз жүрүп жатат, акча тынымсыз келип турат. Каалаган жагыма басып тура алам, каалаган жакыныма, таанышыма жардам кыла алам. Айтор, керемет жашоо. Бирок жашым өтүп калгангабы же ден соолугум баштагыдай болбой калганбы, бул жолку кош бойлуулугум оор болду. Үйдөн алыс эмес ишканабызда ондон ашык адам иштейт. Аларга түшкү тамакты өзүбүз даярдап беребиз. Буга чейин эч маселе кылбай аткарып келген ишим — анча адамдын тамагын камдоо, эми мага кыйын жумушка айланды. Аргасыз ашпозчу алуума туура келди.

Берилген жарнама боюнча келгендердин арасынан Нурайды жактырдым. Нурай ашпозчулук кесиптин ээси экенинен тышкары тың, тыкан, кыймылы шамдагай, жылдыздуу келин экен. Бир жолку маектешүүдө эле мени өзүнө тартып алды. Анын үстүнө өткөн жашоосундагы кыйынчылыктарды угуп, карыган энеси, анын колундагы жаш баласы жүрөгүмдү оорутуп ага жан тартып калдым. Өзүнүн акча-тыйындан абдан кыйналып жүргөнү кабагынан эле эмес, кийиминен, көтөргөн сумка, соткасынан да байкалып турду. Ошентип, мен Нурайды жакшы маяна менен ашпозчулукка кабыл алдым. Ал айтылган убакыттан эрте келип, кеч кетип ашкана иштеринен тышкаркы жумуштарга жумшасам да жок дебей кылып берет. Ар бир кыймылы иреттүү, кылган иши орундуу, тим эле көзүңдү ачкан келин экен.

Кыш түшүп күн сууктагандан баштап Нурай алыс жолдон кечигип келчү болду. Андан улам күйөөм менен кеңешип бир бөлмөнү ал үчүн бошотуп, мындан ары биздин үйдө жатып иштей турган кылдым. Мунун дагы бир себеби жакында көз жарсам үй иштерин толук кылып мага каралашууга ансыз да бир киши керек эле. Айлыгын көтөрүп, айткан сунушумду Нурай кубануу менен кабыл алды.

***

Ойлогонумдай уул төрөп алдым. Биринчимде тунгуч болуп көп нерсени билбесем, эки баламда чоочун жерде ишке алаксып жүрүп наристем менен ырахаттанып деле жашабаптырмын. Бул жолу болгон дитимди, убактымды толук наристеме арнап, баарын башкача бактылуу, ырахаттуу өткөзүп жаттым. Нурайды ырас эле үйгө алыптырмын, ал колумду сууга салдырбай мени жакшы карады. Экөөбүз эже-сиңди болуп калдык. Бир айтканымды эки кылбайт, ага жараша акысын берүүгө мен чын дилимден аракет кылам. Балама барам десе: «Апаң сенин жакшы иштеп, жакшы жашап атканыңды билсин», — деп бир сыйра кийим алып берип, апасына өзүнчө, уулуна өзүнчө белек камдап, баштыктарын азык-түлүккө толтуруп узатам. Ал болсо мени түйшүк тартып калбасын деп айтылган убакыт-сааттан кечикпей келип, ишине киришет. Айтор, менин ансыз күнүм өтпөй калды. Уулум торолгондон баштап аны Нурайга калтырып эки жакка да санаам тынч эркин чыкчу болдум.

Ошентип, арадан эки жылдай убакыт өттү. Бир калыптан жазбаган жашообуз тынч уланып жатты. Буга чейин эки жакка деле чыкпаган Нурай бир күнү мындан ары ар аптада ал каалаган бир күндү эс алуу кылып берүүмдү суранды. Себеп-жайын такып отурбай макул болдум. Адам болгон соң ал да эс алуусу керек деп, анан тамашага салып: «Эс алам деп базар аралап жүрө бербей, жакшыраак жайларга барып күйөө тап», — деп койдум. Ал эмнегедир кызарып кызыктай болуп кетти. Өзү унчукпаган соң, мен да андан ары кеп улабадым. Чындыгында, мен анын жакшы адамга кезигип кайрадан турмушка чыгып бактылуу болушун абдан каалачумун. Эгер андай болсо: “Өз колум менен узатам”, — деп айтып да жүрчү элем. Бирок кийин баары мен ойлогондон тескери чыкты, ал өзү бактылуу боло албаганы аз келгенсип, менин бактымды кошо талкалап кетти. Мындан аркысын баяндоо мен үчүн абдан оор, бирок акырына чейин айтып берейин.

Акыркы кезде толуп кетип, чыгыш бийине барып жаткам. Ал күнү улуу балдарымды мектепке узатып, кичинекейимдин курсагын тойгузуп коюп бийге жөнөгөм. Шашып жатып бий үчүн кийимимди албай унутуп калыптырмын. Орто жолдон унаамды артка буруп үйгө баруума туура келди. Босогодон аттап эле күйөөмдүн бут кийимине чалындым. Жумушка таңда кетип, кечте келген анын үйдө экенине таң калып койдум да, уктоочу бөлмөбүзгө кирип кийимимди алдым. Ынтымактын үй иштери, алыш-катыш дегендер менен деги эле иши жок. Үйгө келгенинде тамактанып ашканада, жуунуп ваннада же эс алып биздин бөлмөдө боло турган. Азыр анын айтылгандардын биринде да көрүнбөгөнүн байкап, эмнегедир шашып жатсам да издеп кирдим. Улам бир каалганы ачып-жаап жатып кыргыз үйдүн эшигин ачып ачуу кыйкырыктан чочуп кеттим. Ал ошол жакта экен. Жалгыз эмес, Нурай менен. Жарым жылаңач болуп будаланып турган экөөнү көрүп турган көзүмө ишене албай нес болуп калдым. Башымды мыкчып, чын-жалганын айырмалай албай катып калыптырмын. Алардын жетелешкен абалдан жазбагандарын жакшылап байкаганымда гана безге сайгандай ачуу айкырып алдым:

– Акмактар! — Ынтымак үн-сөзү жок чыгып кетти, Нурай ыйлай баштады.

– Кечирип коюңуз. Акмак болдум. Бирок менде күнөө жок, — деди бышактап. Ага үн катууга дарманым келбеди. Күтпөгөн жерден, эң жакын адамдарымдан көргөн бул окуяга кандай жооп кыларымды билбей түнү менен ыйлап чыктым. Эртеси туруп Нурайды таппай калдым. Ал болгон оокатын жыйыштырып кетип калган экен. Ырас кылыптыр, мен деле ага ушуну гана сунуштай алат элем. Чалсам алган жок. «Экинчи кайрылып келбе жана эч качан астымдан чыкпа», — деп кат жөнөттүм. «Баарына Ынтымак байке күнөөлүү. Баары анын каалоосу менен болчу. Өкүнөм», — деген жооп келди. Ал эми Ынтымак: «Ит болдум, куш болдум. Шайтан азгырды. Ал мени азгырып ушул иш болду. Болбосо Нурайсыз тынч эле жашап келбедик беле», — деп актанды. Балдар үчүн кечирдим. Үй-бүлөмдүн бузулушун, балдарымдын ыйлашын каалабай, оор болсо да баарын ичиме катып кала бердим. Экөө күнөөнү бири-бирине оодарып коюшту, кимисин күнөөлөрүмдү билбедим. Минтип менин көзүмдү боёп жүрүшкөнүнө канча болду экен?..

Андан бери жарым жылдай убакыт өттү. Кечирдим дегеним менен жан дүйнөм кечирбей келет. «Эмне үчүн экөөнүн бирөө гана менин жакшылыгымды, буга чейинки мээнетимди билип, баалап коюшкан жок», — деп ойлоно берем. Бир ирет Ынтымакка бул тууралуу суроо салганымда: “Өткөн теманы козгой берүүнүн эмне кереги бар?” — деп оңураңдап койду. Ансыз да андан көңүлүм калып, иренжип турган жаным кайталап кеп козгобой, мен да кол шилтеп койдум. Нурайга жолугуп көп суроо бергим келет. Өгүнү чалсам телефону өчүк экен, угушумда чет жакка иштеп кетиптир. Андан улам суроолорум жаныма тынчтык бербеген бойдон өзүмдө калды. Үй-бүлөдө ынтымак кетсе, баары кетет экен. Ал окуядан кийин ыр-чырыбыз көбөйдү, балдарымда да маселелер көп болчу болду. Бир кезде жаныбызды жанга уруп жүрүп түзгөн бизнесибиз артка кетип, ал жагынан да толгон маселенин курчоосундо калдык. Баары жакшы болушун, баары калыбына келишин каалайм. Бирок жан дүйнөмдү башкара албай кыйналам. Өз үйүм өзүмө суук көрүнүп, муздак сезилет. Аларды кармап алган бөлмөнү айланып качам. Күйөөмдүн да кыйналып жүргөнүн байкайм. Бирок ал мага жардам бере албагандай эле, мен да ага жардам бере албайм. Балдарыбыз үчүн жасалма күлүп, жасалма сүйлөп жашай берет окшойбуз…

Булак: Lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу