Жыргалбек Азылов Чыңгыз Айтматовду кантип жайлаган ?

Бакиев бийлигинин тушунда жылдызы жанган Жыргалбек Азылов деген эргул бар. Бакиевдер менен коюн-колтук алышып жүрүп, алардын койнуна кирип Нарын облусунун Губернатору болууга жетишет. Бирок ал орунга жөн жерден эле барып калган эмес. Бакиевдер тарабынан өздөрү үчүн бир миссияны аткаруу тапшырмасы коюлат. Ал тапшырма кыргыздын кең байлыкка бай жери, Жетим-Тоону Кытайларга сатуу тапшырмасы берилип, Азылов ал тапшырманы ойдогудай аткарып бергени боюнча эл арасында аңыз кептер бар. Бул эргулдун мындай чыккынчылык кадамын ошол убакта Нарын эли сындап, эл душманы катары кабыл алгандарын жергиликтүү тургундар ушул күнгө чейин айтып жүрүшөт. Мындан тышкары облус жетекчиси болуп турганда Нарындын суугуна чыдабай, ишти чабал аткарып жүдөп-какап эле жүрчү дейт жергиликтүү тургундар. Бул миссияны ийгиликтүү аткарган Азылов, Бакиевдерден жаңы кызмат берүүнү, элчи болууну самаганын билдирип, Евро Союздун борбору болгон Бельгия Королевствосуна Элчи болуп барууну суранат. Ал учурда Кыргызстандын Бельгиядагы Элчиси Чынгыз Айтматов эле. Айтматов ден-соолугуна байланыштуу бир топ жылдан бери Европада иштеп, ден-соолугуна кам көрүп келген, анын үстүнө ал жактын абасы анын ден-соолугуна ылайык болгонун билебиз. Мамлекеттин, кыргыз дипломатиясынын аброюн уруп ойнобогон Бакиевдер жеке кызыкчылык үчүн Айтматовго айтпастан себепсиз ал кызматтан кетирип, ордуна Жыргалбек Азыловду дайындашат. Күтүлбөгөн жерден кызматтан алынган Айтматов, ушул окуядан соң стресске кабылып, ооруп калганы боюнча маалыматтар айтылган. Демек, Азыловдун кесепетинен Айтматов оо дүйнө сала бергенби? Бүгүнкү күндө ушул  Бакиевдин жүгүрүгү Азылов, сүттөн акмын дегенсип, Чүй коому деген уюм түзүп, жыйырмадай эбак аттары булганган Бакиевчилерди жана башка жепжутарларын чогултуп, бийликтин жана президент болом деген айрым саясатчылардын эшигин каккылап жүргөнүн эшиттик. Ушундай саткын саясатчылардан абай бололу туугандар…

Биз Айтматовдун Элчилик кызматтан алынганы боюнча дагы иликтөө жүргүзөбүз…

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу