Жыпар: «Турмушка чыккан кыздар бактылуу жашай алабы?» Кайын-журтун тоготпогон келиндин тагдыры…

Жашоо адамды ар кандай кылып калчайт экен. «Кыз кезинде баары жакшы жаман катын кайдан чыгат?» демекчи, мектепте окуп жүргөн кезимде кошуналардан тартып башка айылдыктардан бери менин мүнөзүмө суктанышаар эле. Өзүмдү сулуу, акылдуу, чынчыл, акыйкатуу, жоош деп эсептейм. Ооба, чындыгында ушундай элемин. “Идеалдуу адам болбойт” демекчи, балким, жаман мүнөзүм бардыр. Бирок аны адамдардын кылган мамилесине жараша көргөзөт чыгармын. Билбейм… Мектепти аяктаган соң көп эле жерден куда түшүп келишти. Ата-энем окутабыз деп эч кимисине макулдук берген жок. Өзүмдүн деле каалоом жок болчу. Билим алып, эл-жер кыдырып мыкты инсан болом деген чоң максаттар менен жашап, аларга жетүүгө болгон аракетимди жумшадым. Кудайга шүгүр, окудум, иштедим. “Кыздын бараар жери күйөө” демекчи, турмушка чыктым. Турмуштун ачуу-таттуусун ошондо сездим. Азыр жашым 38де.

Үйдүн эркесимин, жалгыз кызмын. Ата-энем жупуну адамдар болгону менен менин айтканымды аткарып, ичем дегенди ичип, кием дегенди кийип чоңойдум. Акча кайдан келээри менен ишим жок болчу. Азыр ойлосом байкуш атам темир сваркалап жүрүп, мени ханышадай кылып баккан экен. Апам мамлекеттик жумушта тыпыйып иштеп жүрсө, “татынакай болуп иштеп, акча табат” деп кубанып, сыймыктанчумун. Атам, “Ханышам” деп эркелетсе, өзүмдү дүйнөдөгү эң сулуу адаммын деп элестетчүмүн. Баланы эркелетип чоңойтсо албетте жакшы, бирок баары чеги менен болуш керек экен. Эркелетүү менен бирге анча-мынча какыс-кукус кылып туруунун өзү зор тарбия болот тура… Дал ушул нерсе менин тагдырыма кедергисин тийгизди десем болот. Аракеттен — адат, адаттан- мүнөз, мүнөздөн – тагдыр жаралат экен. Тагдырымдын ушундай болушуна өзүм күнөөлүүмүн! Анда сөз башынан болсун.

“Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, турмушка чыктым. Жашоонун ачуу-таттуу жашоосу башталды. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, баары эле биз ойлогондой боло бербейт экен. Жолдошум менен бойдок кезибизде кайда болбосун чогуу жүрдүк. Экөөбүз баш кошуп калсак жашообуз мындан да сонун болот деп ойлогом. Бирге түтүн булатсак эле клейдей чапталышып калабыз деген оюм тетирисинен чыкты. Көп убакта үйдө жалгыз калып, эки жакка чыгуума кайын-журт тараптан чектөө коюлду. Башында ушундай болот, кичине чыдай турайын дегеним менен болбоду. Ата-энемдин көрөр көзү болуп жалгыз чоңойгондуктан, күйөөгө тийгенден тарта көпчүлүккө эч көнө албай койдум. Жолдошум башында сөз бергендей эле кайненемдер менен бирге жашабай, өзүбүзчө бөлүнүп да алдык. Анткен менен кайын-журтум күн алыс үйгө келе берип тажатып жиберди. Кайнене-кайнатамды жаман деп айта албайм, бирок жолдошумдун бир туугандарын мага жамандык жасабаса деле эч көңүлүм сүйбөй койду. Алар келсе эле, жүрөгүм кысылып, өзүмдүн бөлмөмө кирип кетип, чыкпай койчумун. 7 бир туугандын, 5өөсү бизден алыс эмес жерде жашайт, 2өөсү эл катары Россияда иштешет. Билбейм, эмнегедир аларды такыр тоготкум келген жок. Сүйлөшмөк тургай, тетири карап алчумун. Ошол эле учурда ажылдашып да айтышкан эмесмин. Ошондой күндөрдүн биринде кайненем мени чакырып алып, “Бул үй-бүлөдө түбөлүк кала турган жансың, ага-тууганга болгон мамилеңди жакшырт. Болбосо башкача сүйлөшөбүз” деп кесе айтты. Кайненемдин ачуусун көрбөгөн жаным, ызаланып, анын бул сөзү өтө катуу тийди. Каяша кайтарган жокмун, эмоциямды сыртка чыгарбай араң гана чыдап үйгө келдим. Кечинде жолдошум келээри менен кабагым салыңкы экенин дароо байкап, “Эмне болду?” деди. Араң турган жаным эреркеп ыйлап жибердим. Эч нерсе дей албай ыйлай бердим. Акыры сооронуп, “Биздин жашообузга бир туугандарың киришпесин!” дедим, өктөм үн чыгарып. Жолдошум мага ачууланат го деп ойлогом жок, тескерисинче, “Бирдеме дедиби сага, кимиси эмне деди? Алардын биздин жашоого киришкенге акысы жок, кириштирбеймин дагы!” деди албууттана. Мага жан тартканына тымызын жылмайдым дагы, сөзүмдү андан ары уладым. “Мени келгенден бери жактырышпайт, сүйлөсөм жооп беришпейт же өздөрү сүйлөшпөйт” дедим куулана. Ал мага ишенди. Ошондон тарта бир туугандарына болгон мамилеси өзгөргөнүн дароо байкадым. Кыскасы күйөөм мен үчүн баарына даяр экенин билген соң, өзүм билгендей жашай баштадым. Бир күнү адаттагыдай чай ичип отурсак кайнагам келип калды. Күлүп-жайнап тосуп алдым, бирок, бир дагы сүйлөгөн жокмун. Жөн келбептир, жолдошумдун биртке топтогон акчасын карызга сурап алып кетти. Ого бетер жиним келип, кайнагам кеткиче араң карманып турдум. Уруш чыгарсаң жакшылык жакка чечилбешин билдим дагы, ал кетээри менен жолдошума менин атама да акча керек болуп жатканын айтып, калган акчаны алып койдум. Ошол менен көңүлүм жайына келип, эс ала түштүм. Же бирөө жарым ошондо менин ката кетирип жатканымды айтып койсочу?.. Апам болсо ар келген сайын, “Кайнене-кайнатаңды, күйөөңдү анын бир туугандарын дайыма сыйла. Кожойкенин тамагынан эмес кабагынан дейт. Дайыма жаркылдап, күлүп жайнап алака кыл”деп эскертип кетет. Кайнене-кайнатамды сыйлаганым менен, жолдошумдун бир туугандарына болгон көңүлүм эч эле жылыбай койду. Азыр ойлосом жолдошум алар менен сырдашып, болгон жардамын берсе кызганган окшойм. Бир күнү эле күтүүсүз жерден күйөөм, “Сен менин бир туугандарыма сүйлөбөйт экенсиң…” деп сөз баштады. Ажылдап айтышпаган жаным ошол жерден албууттанып кеттим. “Дагы башталдыбы? Алар менин сөзүмө зар бекен? Баарын Кудайга койдум. Эгер ушунчалык эле зар болушса бүгүн баарынын үйүнө кыдырып, сүйлөшүп келейин!” деп кыйкырып салдым дагы, кийимдеримди жыйнап, “Ошол бир туугандарыңа жардам берип, ошолорду багып жашай бер!” дедим дагы чыгып кеттим. Жолдошум аркамдан келет деген үмүтүм таш капты. Кур намыска алдырып мен дагы андан кабар албай жашай бердим. Апамдын кет дегенине да көнбөдүм, кайра аны күнөөлөп, “Жалгыз кызың болсо, аны да үйгө батырбасаңар” деп ыйлачумун. Эмне демек эле апам менин айтканым менен болбоско аргасы да жок эле.

Ошол менен бат эле убакыт өтүп кетти. Ал аралыкта жолдошумдун Түркияга кетип калганын уктум. Сулуулугума арбалган бир топ жигит ажырашып келгениме карабайм колумду сурады. Арасынан бирөөсүн тандап, көзүмдү жумуп, тийип кеттим. Тилекке каршы, ал менен бактылуу жашап кете албадым. “Сылаган колдун баркына жетпеген тепкилеген бутту өбөт” дегендей, экинчи жолдошум кызыл камчы болуп чыкты. 2 күндүн биринде кызганып сабай берчү адат таап алганда, кетип калдым. Ошондо биринчи кайын-журтумду тоготпогонума өтө өкүнүп, кейидим. Кудайым мени ушинтип жазалады. Жалгызмын. Же жолдошуң же балдарың болбосо баары кызыксыз болуп кетет экен. Учурдан пайдаланып кыздарга айтаарым, “Же мен же бир туугандарың, ата-энең” деп эч качан тандоо койбогула! Акыры бир күн күйөөңөр бир туугандарын тандап кетет, силер менен калган убакта да Кудай акыйкаттык менен жазалап, баарын таразалап коет экен. Турмуштан, өмүрлүк жар тандоодон жаңылбагыла! Ал эми үй-бүлө очогун тутантып, эки жак менен тең алаканы бирдей алып кетүү бул – аялдын мойнундагы милдет экенин унутпагыла! Ар бир кыз бактылуу болууга тийиш. Эң негизгиси кайын-журтуңарды сыйлагыла!

Жайна, Бишкек шаары

БУЛАК: гезит.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу