Жыпар апа: “Неберем төрөлсө Уланым тирилип келчүдөй болуп атат”

Кесиптешибиз Улан Эгизбаевдин жарыкчылык менен кош айтышканына бүгүн 36 күн болду. Эки сөзүнүн бири чындык, “чындык үчүн атып кетсе да корпойм” деп акыйкаттык үчүн чок кармаган Улан болгону 28 жыл гана жашады. Уландын апасы Жыпар апа уулунун бала чагын, басып өткөн жолун көзүнө жаш алып эскерип отурду.

“Уулум эмгекке бышып өстү”

— Жолдошум да Улан сыяктуу бир үйдүн жалгыз уулу. Улан төрт кыздан кийин төрөлдү. Кыздарымдын бирин да атасы “кыз төрөлдү” деп жериген жок. Кайненем да “кыз эмес, кызыл битке зарбыз, балам” дечү эле. Уулумду күтүп жүрүп 32 жашымда төрөдүм. Убагында балама жолдош кылып дагы уул төрөсөм деп деле ойлонбоптурмун. Улан кичинесинен башкача бала эле. Башка балдар сыяктанып кутуруп, бирөөнүн бир нерсесин сындырып беймаза кылган жок. Эмнегедир кенедей кезинен эле эмгекке бышты. Өзү эшек мингенди жакшы көрчү. Туугандардан сурап отуруп такай алып бергенбиз. Ошол такай чоңойгондо талаадагы картошканы, чөптү өзү ташып тиричиликке тың болду. 6-классынан тарта эшиктин алдындагы топурактан кыш куя баштады. “Муну эмне кыласың?”,- десем: “Эжемдердин кайынжурту келсе уят, тегерек-четти ээн кылбай тосуп коёлу”,-дейт. Эмгекчилдигине өзүм да таң калчумун. Эшиктин алдында балдар футбол ойноп ызылдап жүрүшсө, аларга кошулбай үйдөгү оокатты кылып жүрө берчү. Кылам деген жумушун аягына чыкмайын басып кетпеген, тажабаган өжөрлүгү бар болчу. Бир жолу талаада картошка чаап жүрөбүз. 32 сотых жерге айдалган картошканын бирсабынын узундугу 100 метрге чейин барат. Керээли кечке чаап, акыркы сабына келгенде жаан башталды. Унчукпай чаап атам, жонуман суу куюла баштады. Баш көтөрүп Уланды карасам ал деле жан талашып чаап атат. “Үйгө кетели, жаан токтогондо келебиз” деп качан айтар экен десем деле токтой турган түрү жок. Башынан ылдый сыгып алма суу болду. Ага карабай акыркы сап картошканы чаап бүтүргөн элек.

“Студент кезинде эле үй алганга аракет кылды”

— Мектепти бүткөндө окууга тапшырып шаарга кетти. Анда да эс алуу күндөрү келип, чогулуп калган чарба иштерин бүтүрүп түнү менен кайра кетчү. 3-курста окуп жатканда гезитке жумушка орношконун айтты. “Сабагыңан жетишпей калбайсыңбы?” — деп атасы экөөбүз санааркасак“жетишем” деп ишенимдүү айтты. Ошондо эле тапкан акчасын айылга салып, анысына жезделери мал курап койгон. Кийин малдарынын баарын сатып шаардан үй алууга ниеттенип жатканын айтты. Башында ишенген жокмун. Кийин шаарга жумуштап барып калсам: “Мама, алган үйүмдү көрүп кетиңиз”,- деп атпайбы. Көргөн көзүмө ишенбей, Уланымдын алгачкы чоң ийгилигине ошондо бир кубанган элем. Анан жөн турабызбы, атасы экөөбүз козубузду союп барып, шаардагы туугандарды чакырып бата алып бердик.
Окуусун бүткөндөн кийин атасы экөөбүз: “Үйлөнсөң боло, биз да келиндин кызматын көрүп, небере жыттайлы”,-дедик. 2014-жылы үчөөбүз Жаңы жыл тосуп отурсак: “Мен 2015-жылы үйлөнүшүм керек экен, 2016-жылы атамдын 60 жылдыгын берсек келиниңер кызмат кылгыдай болсун”,-деди. Үйлөнөт экен деп сүйүнүп калдык. Бирок кайра ал оюнан кайтып үй салмай болду. “Атаң экөөбүз ушул үйдөн агарып-көгөргөнбүз, бешөөңдү тең ушул үйдөн төрөгөм, ак жолтой үйгө алып келе бер келинчегиңди”,- десем: “Мама, силерге бардык шарты менен жаңы үй салып берем”,-деп 4 айдын ичинде ушул үйдү салдырды. Өзүнүн бир буту шаарда, бир буту айылда болчу. Ошентип 2017-жылы турмуш куруп бизди дагы кубантты. Үйлөнгөндөн кийин келинчеги экөө эс алуу күндөрү жума сайын келип турушту. Түнкү саат бирде келеби, үчтө келеби тамагымды жасап алып, терезенин түбүндө унаанын үнүн тыңшап жатам. “Баламды суук көздөн, сөздөн сакта, жамандыктын баары ушул кара түн менен кетсин”, — деп башынан суу айландырмайын үйгө киргизчү эмесмин. Аныма Улан да көнүп бүткөн.

“Акыркы жолу үнүн эки күн мурда уккам”

— Улан күндө бир же эки жолу чалып кабар алып турчу. Экөөбүз чарба иштерин телефондон кеңешип бүтүрчүбүз. Айылда чөп чабык учурунда кышка кененирээк чөп камдап сатып алабыз. Улан чөп алгыла деп банктан акча салды. Мен акчасын жума күнү алып, “акчаны алдым” деп айтайын деп чалсам алган жок. Ал күнү сүйлөшкөн жокмун. Эртеси өзү чалды. “Талааны сугартпай тургула, мен өзүм түнкү сугат алып сугарам”, — деди. Сапашты сурасам “үйдө эле” деп койду. “Бул жума келесиңерби?”- десем: “Эмки жумада бир жолу эс алууга чыгып, бир ай айылда болом”,-деди. Көрсө, ошондо эле келинчеги экөө көлдө эс алып жүрүшкөн экен. Мага аны айткан эмес. Ошо бойдон чалышкан жокпуз. Уландын үнүн ошондо акыркы жолу угуптурмун…Дем алышта 22-июль күнү суук кабар келди(ыйлап). Уулумдан айрылганымды укканда ааламым аңтарылды. Өзүмдү жоготуп: “Уландын артынан кетем, балама барам!”-дей берипмин. Сөөгүн Көлдөн Бишкекке алып келгенде ал жактагы туугандар “экспертизадан өткөрөбүз деп атышат” деп чалышты. Башында “балабызды сойбогула, кызылжаян кылбай ошол бойдон алып келгиле” деп макул болгон жокпуз. Жанардын (ред. Акаев) “Уландын өлүмү тергелиши керек, экспертизадан өткөргөн оң, кийин чырлуу иш болуп сөөгүн эксгумация кылабыз дешсе оор болуп калат” деген сөзүнө муюдук.Экспертизанын “сууга чөгүп каза тапты” деген жыйынтыгына макул эмесмин. Уулум өлө турган бала эмес болчу. Дени сак, таскарыны таза баламды ажалга жулдуруп ийип бозоруп отуруп калдым. Артында таяна турган агасы, алдында ишене турган иниси болбогон соң кыйын эле экен. Азыр ишенгенибиз, карманарыбыз эле баламдын достору болуп атат.

“Уулума далай эле коркутуулар болуптур…бирин айтчу эмес”

— Уландын жасаган иликтөөлөрүн жүрөгүм титиреп отуруп көрчүмүн. Жарым сааттык берүү аягына чыккыча ийненин үстүндө отургандай болом. “Балам, чындыктын түбүнө эч ким жеткен эмес, саясаттан алыс болсоңчу”,-дечүмүн. Атасы да: “Уулум, экөөбүз тең атадан жалгызбыз. Сен бир нерсе болсоң менин көргөн күнүм эмне болот? Мага ким топурак салат?”-дегенге чейин барган. Бирок көкжал балам: “Чындыкты мен айтпасам ким айтат? Элге чындык керек, мен өлкөнүн, элдин келечеги үчүн иштейм”,-дечү да. Эмнегедир бирөө атып кетпесе экен, унаа менен сүздүрүп кетпесе болдудеп коркор элем. Көрсө, балама далай эле коркутуп-үркүтүп телефон чалгандар, берүүнү чыгарба деп акча сунуштагандар болуптур. Баягы балакеттүү бош конвертин мен эми угуп отурам. Улан андай нерсесин такыр бизге айтчу эмес. Же биздин интернет менен ишибиз болбосо, айланасында эмне болуп атканын деле аңдабаптырбыз.
Балам мага башынан жакын сырдаш болгондуктан, кээде “бул саясатчы менен жакындан тааныштым, тиги менен биринчи жолу көрүштүм…” деп айрым аткаминерлерди айтып калчу. Андайда: “Жакшыга жанаш, жамандан адаш. Жакшы адамдардын кеп-кеңешин ук”,- дечүмүн. Бир ирет телефон чалсам:“Акүйдө жүрөм, өзүм чалам”,- деп калды. Көп өтпөй кайра чалды. Премьер-министр басма сөз кызматчылыгын сунуштаган экен. Менден кеңеш сураганынан: “Өкмөтүң бат эле алмашып атат, балам, жумушу жок калбайсыңбы?”- десем ойлонуп калган. Кийин деле “көп партиялар кызматташууга чакырып атат, бирок мен азыр жашмын, такшалышым керек. Эл үчүн иштейм” дегенинен жазган жок. Эмгегинин арты менен 22-июнда “Алтын калем” сыйлыгын алды. Сүйүнүп атасы экөөбүзгө алып келип көрсөттү. Уулумдун ийгилигине жетине албай калемин колума кармалап көрүп: “Дагы кимдер алды?”-деп сурасам: “Мама, алтын калемди жөн эле таратып атат дейсизби”,- деп күлдүргөн болчу. “Көрүстөндөгү коррупция” деген иликтөөсүнүн аягында Улан мүрзөнү аралап кеткен жери бар эмеспи. Ошону көрүп ичимен “каап, мүрзөнү аралап ары карап кетпей эле башкача бүтүрсө болмок экен” деп ичимен түпөйүл болуп калгам. Энелик жүрөгүм менен сезиптирмин. Кийин баламды койгону келгенде жетекчиси Бүбүкан Досалиева да айтып атпайбы: “Улан, акыры жагында мүрзөнү аралап ары кетпей эле башкача бүтүрбөйлүбү, жаман жышаан” десем маани берген эмес”, — дейт. Улан өзү ырымдарга ишенчү эмес да. “Суук көздөн сактайт, карышкырдын тырмагын же чүкөсүн мойнуңа илип ал”, — десем да болгон эмес.

“Карманарыбыз — келинимдин курсагындагы бала 

— Балам башкача жароокер эле. Атасы экөөбүздү аяп, баладан башкача боорукер болчу. “Силер аман-эсен, оорубай маңдайымда туруп бергилечи. Силер үчүн колумдан келгендин баарын кылам”,-дечү. Карманар асылымды ажал алып тынды. Уланды жерге бергенден бери көз жашыбыз кургай элек. Эгер ыйдан адам кайра тирилсе, кырк күндөн бери ыйлап отуруп баламды кайра табат элем. Сапаштын да көз жашы кургабай куурап жүрөт. Курсагындагы баласы үчүн чыйралгансыды. Азыр атасы экөөбүздүн эш тутканыбыз келинибиз менен уулумдун артында калтырып кеткен туягы болуп атат. Сапаш аман-эсен эки колун бооруна алып алса, Уланым кайра тирилгендей болот эле. Өзү аябай баласаак болчу. Жээндери келсе үстүнө минип, мойнуна асылып оюна келгендей эркелешчү. Балалуу болсо бизге деле карматпайт го деп күлүп калчу элек. Минтип эми баласын, келинчегин таштап кете берди. Жок дегенде 30га чыкса болбойт беле. Такыр болбосо баласын колуна алып, көрүп кетсе эмне? Азыр, балким, балалуу болсо курчтугу тайып, баласын ойлоп жашап калат беле дейм…
Элден айланса болот. Тааныганы да тааныбаганы да кайрылып куран окутуп атышат. Жерге берерде келген элдин көптүгүнө таң бердим. Көрсө, мен баламдын мага кылган кызматын эле билчү экенмин. Элге кылган кызматы каза болгондон кийин билинди. Аттуу-баштуу адамдардын уулум жөнүндө, кылган кызматы тууралуу айткандары мени чыйралтты. Ушул жерге келген калың эл бизге кайрат айтып турганы бел болду. Көрсө, уулум менин эле эмес, элдин уулу болуп калган тура.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА

Булак: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу