Жыпаркүл Турсунбаева: «Таттыбүбүнү жок кылгандар 21-декабрь күнү Таттыбүбү түшүңүздөргө кирбейби?»

«Сахнанын чыныгы Ханышасы Таттыбүбү Турсунбаеваны жок кылгандар ар жылы 21-декабрь күнү Таттыбүбү түшүңүздөргө кирбейби?» Мындай постту Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаева өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына жазды. Бул пост жарыяланары менен ар тараптуу пикирлер жамгырдай жаады. Окуя боюнча так маалымат билген да билбеген да өз оюн жазып калтырууда. Албетте мен так маалыматты билем, актрисанын өмүрүнө кол салгандарды тааныйм дегендер да бар. Алар бир адамдын атын «ушул» деп атап айтышкан жок. Пикир жазгандардын арасында Кадича Кабылова аттуу фейсбук колдонуучусу: «Экөө өлүп кетти, бирөө жүрөт желмогуз кемпир болуп калыптыр. Элдин баары эле билет.» -деп жазды. Муну менен ал Турсунбаева киши колдуу болуп өлгөн тактап айтканда актрисаны чогуу иштеген кесиптештери өлтүрүшкөн деген ойду айтууда. Эске салсак, кыргыздын легендарлуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева 1981-жылдын 21-декабрында 37 жаш курагында каза болгон.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу