Жылуулуктун 5 күн токтоп калгандыгына жашоочулар төлөбөйт.

Бишкекте жылуулукту борбордук системадан алган жарандардан январь айынын беш күнү үчүн акы алынбайт. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин сессиясында айтылды.

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынын абоненттеринин январь үчүн төлөмүн кыскартуу чечими бир нече күн батирлерде жылуулук тиешелүү деңгээлде болбогонуна байланыштуу кабыл алынды.

Мындан тышкары, “Түндүкэлектр” ишканасынын Бишкектеги абоненттерине да ушундай жеңилдик берүү сунушу айтылды.

26-январда Бишкек ТЭЦинде авария болуп, жылуулук берүү дээрлик токтогон. Ошол учурда өлкөдө соңку алты жылдан бери каттала элек суук болуп, түнкүсүн абанын температурасы -30га төмөндөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу