Жылкы мүнөз…

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жылкы мүнөз экенин коомчулукка далилдеп келет. Мына Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Акматалиевди: «Сизге отурууга ким уруксат берди? Трибунадан жооп беришиңиз керек же отурууга уруксат сурашыңыз керек» — деп өзүнөн улуу адамды кагып-силкип бозала кылды. Буга дейре Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду талаптагыдай кийинип келген жоксун деп, тургузуп алып жемелеген. Депутаттын мындай жоругу кичине эттене түшсө көзү аңтарылып кошкурук атып калган жылкыны элестетет.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу