ЖЫЛДЫЗ МАМБЕТАЛИЕВА ЕЛИСЕЕВДИН ЛИЦЕНЗИЯСЫ МЫЙЗАМДУУ УЗАРТЫЛГАНЫН АЙТТЫ

Аида Салянованын сотунда мамлекеттик айыптоочулар тарабынан келген күбө Жылдыз Мамбеталиева көрсөтмө берди. Ал Алексей Елисеевдин лицензиясы мыйзамдуу узартылганын айтты.

Бирок Жылдыз Мамбеталиева ал Алексей Елисеев боюнча күмөн ойлорго туш болуп, ошондуктан лицензия дароо эле узартылбаганын кошумчалады.

“Мен министрге (Аида аляновага – ред.) кирип материалдар бар экенин айттым. Ал аларды карап чыгуу үчүн калтырып коюумду суранды жана материалдар бир канча күнгө калган”,-деди Мамбеталиева.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал “юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан” деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу