Жылдыз Жолдошева каршылашы Өмүрбек Текебаев тууралуу сырын ачты

Бийлик, өз убагында КР ЖК V-чакырылышынын 17 депутатына, кылмыш ишин козгогон. Көпчүлүгү саясый «заказ» болгон. Камаганын камап, камабаганын тергөө, сот процесстери менен кыйнаган. Кимге болбосун, кылмыш иши козголгондо, нерв жабыркайт да, ошол адамдын турдуу оорулары козголуп, албетте ден-соолугу начарлайт. Ахматбек Келдибековко да, мыйзамсыз иш козголуп, ден-соолугу жабыр тартканда, мен экс-президент А. Атамбаевке кайрылганда, Ахматбек Келдибековичтин ден-соолугуна Алмазбек Шаршенович кайдыгер мамиле жасаган жок. Мен ошондо А. Атамбаев — адам катары, адамкерчиликтүү жана боорукер экенине дагы бир жолу ынангам.

Негизинен саясый камакта жаткандар Б. Асанов, Э. Карыбеков жана К. Кадыровтордун кургак ачкачылыгын токтоотусуна, бийлик баардык күчүн жумшаш керек. Антпесе кеч болуп калат. Ал эми, менин оппоненттим Ө.Текебаевдин ден-соолугу боюнча түзүлгөн кырдаалга, жеке президент С.Жээнбеков көңүл буруп, Текебаев ооруканага тез аранын ичинде которулуп, дарылануусу зарыл. Жүрөк оорусу, бул олуттуу оору экенин баарыбыз билебиз… Текебаев, менин саясатчы катары жалгыз оппоненттим жана «досум», бирок акыйкаттык үчүн айтып коюшум керек, Текебаев өлкөбүздөгү демократиянын өсүшүнө зор салым кошкон, о.э. күчтүү саясатчылардын бири, андыктан бийлик Текебаевтин ден-соолугуна татыктуу мамиле жасаш керек деп эсептейм, — деди экс-депутат Жылдызкан Жолдошева.

Бүгүн, 15-февралда камактагы саясатчылар Кубаныч Кадыров менен Эрнест Карыбековду биринчи убактылуу кармоочу жайга которсо, Бектур Асанов 47-колонияда калды.

Эске сала кетсек, 2016-жылы «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деп Асанов менен Карыбековду 12, Кадыровду 20 жылга камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу