Жылдыз болуп, атыңды чыгаргың келсе…

Бул биздин шоу-бизнести карап олтурсаң, буту менен башы алмашып калгандай. Теле аркылуу орустун шоу-бизнесине көз чаптырсаң, баары бир таланттуулар басымдуулук кылат. Кээ бирлери планетанын  туш жагын багындырып жатышат. Биздечи? Бизде болсо чыгармачылыгыңды өркүндөтүп деле кереги жок. Бир чоң тойдо кыйынсынган бирөөнү чачтан алып,  эшикке карап сүйрөсөң эле атак-даңкың камсыз болот. Эртеси баары эле сени тытмалап жатып калат. Эң эле кызыгы ошондон кийин, кымбат тойлорго чакыруулар көп болот экен. Ушундай учурда азаптанып чыгармачылыкты өркүндөтүп эмне кереги бар? Дагы бир кызыгы чатакташкандарды элдештирем деп,  өзүнө пиар кылгандар да пайда болот.

Болбосо, компьютердик технологиянын сырларын өздөштүрүп алып (подписчик) топто. Калпты -чынды койгулаштырып, аныңды миллионго жеткир. Жок эле дегенде Юрмаладагы конкурсту утуп алгансып, дүңгүрөтүп майлап жатып кал. Андан кийин интернет сеники деп эсептей бер. Болбосо, чыгармачылык чамаң чектелүү экендиги билинип калат да.

Газеталар менен интернет сайттарды карасаңар, «Баланча- түгүнчө чыгармачыл бийиктикти багындырды»-деген маалыматтар жок. Баары эле «Тигил-буга турмушка чыкты, ал мындай машына алды, тигиниси үч кабаттуу үй салды»- деген гана маалыматтар.

Ал эми сахна болсо анда -санда жылт экени болбосо, томсоруп эле турат го, кашайгырдыкы…

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу