Жылдыз белгисине карап аялдардын жаман сапаттарын билсе болот

Ар бир адамда терс сапаттар бар. Айымдар сүйүктүүсүнүн жанында жакшы гана болуп көрүнүүгө аракет кылышат. Бирок алардын жылдыз белгиси мырзаларга чындыкты айтып коюшат.

 

Кой

Бул жылдыздын алдында төрөлгөн кыздар тырышчаак, өзүмчүл, эркин болушат. Эркекти башкарганды жактырышат. Кой айым менен болуу үчүн эркек анын бардык кежирдигине чыдашы керек. Алар менен талашып-тартышуу бекер, баары бир айткандарын беришпейт. Жагдайдан көз жаш, долулануу менен болсо да чыгат. Кыскасы, бул кежир айымдын сөзүн кыңк этпестен аткаруу керек.

Букачар

Букачар айымды тандаган эркек кыйын жашоого даяр болушу керек. Алардын кыял-жоругу начар болот, кыйкырып, өкүрүп ызы-чуу чыгарып, идиш-аяктарды сындыргандан да кайра тартышпайт. Аны менен талашып-тартышып, кечирим суроонун кажети жок. Эң туура жолу — ал өзүнө келгенче баарына кол шилтеп, айтканына макул болуу.

Эгиздер

Эгиздер өнөктөштөрүн кол кап сымал бат-бат алмаштырып турушат. Уялбастан жигитинин көз алдында анын досу менен деле мамиле түзүп алышы ыктымал. “Сени сүйөм” деп ант берген күндө да алар эртеби-кечпи эркиндикти самап чыгышат. Ошол учурда өз эркине коюшуңуз керек. Үй тиричилигине караганда карьераны артык көргөн аялдар.

Бөйөн

Ашынган жашык жана таарынчаак келишет. Сүйүүгө берилүү менен мамиле кылып, сүйгөнү үчүн баарына даяр. Бирок өзүнө жараша жооп ала албай калышса, түнт болуп, депрессияга түшүп калышат. Аларга кыйкыруу же долу мамиле кылуудан пайда жок, эркелетүү менен жылуу мамиле жасасаңыз, ал жумшак жана тил алчаак болуп чыга келет.

Арстан

Булар — тандаган кишисине өкүмчүл жана талапты катуу койгон айымдар. Өзүн эң мыктымын деп эсептеп, жанында ага татыктуу, эң керектүү сапатка ээ адам болушун каалашат. Бул айымга жетүүнү каалаган эркектер укмуштай кымбат белек тартуулап, ага жоктон бар кылган сыйкырчыдай көрүнүшү шарт. Ошондой эле анын көзүндө кайраттуу бойдон калышы керек.

Бийкеч

Бийкечтердин тандаган адамына карата бир катар талаптары бар. Эгерде жигиттин кандайдыр бир кызыктуу нерсесин тапса, ийгиликсиз адам экенине карабай мамиле куруп кетишет. Ошондой эле Бийкеч айымдын жеңил ойлуу, талашып-тартышууну сүйгөн, баарына каршы турган жана баарын сындай берген адаты бар. Мырзасы, албетте, буларына чыдамкай болушун каалайт.

Тараза

Дайыма өзүнө тартып, багынтып аларына ишенишет. Эркектерди өзүнө көңүл бурдуртканды жана шаңдуу жоро-жолдоштору болгонду жактырышат. Ага белек тартуулаган адамды ушунчалык жакшы көрүшөт. Бирок өзүнө ашык болгон жигиттерди баалай алышпайт. Тараза айым кооздукту жактырып, күнүмдүк жашоодогу жагымсыз милдеттерди абдан жаман көрөт.

Чаян

Чаян айым менен жашоо согуш сыяктуу: кыйноо менен күрөшүү же кыңк этпей жеңилүү керек. Аны менен бир эле учурда абдан жакшы да, өтө жаман да мамиледе болушуңуз мүмкүн. Алар амалданып жагымдуу, жумшак болуп көрүнүшөт. Чыныгы жүзүн оңой менен көрсөтүшпөйт, чектен чыккан кызганчаак да болушат. Андыктан Чаян айымдарга нерви калың, чыдамкай эркек керек.

Жаачы

Бул жылдыздын алдында туулган айымдарда мырзаларга тийиштүү сапаттар бар. Аларда жумшак болуу, багынуу деген сейрек кездешет. Бакылдаган эркектердин компаниясында жүргөндү жактырып, эркектердин көңүл борборунда болууну каалашат. Кызганычка чыдай алышпайт. Жанындагы эркек дайыма анын кызыкчылыктарын колдоп турса гана жоошуйт.

Текечер

Булардын урааны — өзүн көзөмөлдөө жана сабырдуулук. Ичинде бороон болуп жатса да сыртынан эч нерсе билдирбегенге аракет кылат. Жанында чыныгы эркектин болушун кыялданганы менен сүйгөндөн коркот. Андыктан эркектер аларга сүйүүсүн бат жана өтө берилип билдирбей, чыдамдуу болуп, токтоолук, акырындык менен жибитиши керек.

Суукуйду

Суукуйду айым эркектер менен эң мыкты дос болгону менен өзүнө жаккан эркекти оңой менен таба албайт. Бул айымдар абдан эмоционалдуу, кыжырдуу болушат, бирок бат жазылышат. Алар коркунуч, чочулоо менен жашашат. Эгер мырзасы ага бир эле жолу кызганычын билдирсе, корккон боюнча андан кол үзөт. Туруктуулук – Суукуйдуларда жок сапат.

Балыктар

Табиятынан сезимтал жана кызганчаак жандар. Алар өзүнө бир топ көйгөйлөрдү таап алып эле жүрө беришет. Жанындагы эркектин да ага болгон сүйүүсүн далилдөөнү талап кылышат. Эгерде андай болбой калса, андан күмөн санап, абдан сарсанаа болушат. Эркек бир күндө бир нече ирет сезимин билдирип турган учурда да убакыттын өтүшү менен ал көптү талап кыла баштайт.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу