Жылдызбек Турганов, апрель жана июнь окуясынын катышуучусу: “Мээрбек баатыр болгондо бирөөлөрдүн айтканын сүйлөп, адамдардын сөзүн ташымак эмес”

— Учурда бир учурда “хит” болуп андан кийин “ит” болгон Мээрбек Мискенбаевди дебатка чакырган экенсиз, ал жооп бердиби?

— Ооба, М.Мискенбаевди дебатка чакырганым чын. Бирок, интернеттеги баракчасы аркылуу кайрылсам жооп бербей жатат.

— Аны кандай максатта дебатка чакырып жаттыңыз эле?

— Ал өзүн баатыр көрсөтүп жатпайбы, бирок кыргыз элинин баары баатыр. Апрель жана июнь окуясына катышкандардын баары эр жүрөк жигиттер. Эмне бир эле Мискенбаев баатыр болуп калыптырбы? Эгер ал баатыр болгондо бирөөлөрдүн сөзүн сүйлөп, буюртма берген адамдардын айткандарын ташымак эмес. Элдин ортосуна чагым салып. Анан дагы президентке акаарат келтирип, кашык каным калганча күрөшөм деп күпүлдөптүр.

Ким болуп кетти ал анчалык?

— Мискенбаев Кыргызстанда кайрадан үй-бүлөлүк башкаруу орноду деп жатат. Маселенин баарын кудалар чечип калганын айтат. Чын эле ушундай кырдаал жаралдыбы?

— Сооронбай Шарипович 25 жылдан бери чоң саясатта жүрөт. Чоң-чоң кызматтарды ээлеп турган. Бирок, бир да жолу жакындарын, туугандарын көтөрүп жатат деген жаман сөз артынан ээрчиген эмес. Ал эми үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу айтсак, буга президент жол бербейт. Айтылып жаткан сөздөр фактысы жок бир тараптуу каралоо.

Ошолор бир далилин көрсөтүп жатабы?

Албетте, жок. Бул жөн гана көралбастык. Эгер ошолор мамлекетке күйсө ишке киришкенине 1 жыл боло элек президентти негизсиз каралаганды коюп жардам бербейби.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу