Жусуп Шарипов кошоматчыларды жанына жуутпай койгондо

Аз күн мурда «Аврорада» эс алып жаткан Жусуп Шариповду утурлай саясатчы, чиновниктердин баары жапырт чуркашып, алдынан өтүү жагынан кошомат кылышканы кандай? Көрсө, элитабыз да ушундай экен. Ошол кошоматчыларга Жусуп мырза сабырдуулук менен кадр саясатына аралашпай турганын айтып, Кыргызстанда президент Сооронбай Шарипович экенин баса белгилептир. Баягы Бакиев доорундагы «эски салтты» булар колдонушпаганы, мамлекетчил жана элдик болууга аракет кылышканы, ортодон бузукулар чыгып атышса да моюн беришпегени кубандырууда. Ооба, азырынча үй-бүлөлүк башкарууга негиз жок эмеспи. Натыйжада, Соке деле адилеттүү карап, бир туугандарын тескегенге эрки жетсе керек.

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу